Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020- жылдын 21-февралы №61
2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Балыкчы, Каракол, Ысык-Көл жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин жана «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин2020-жылдын 10-февралындагы ПЖ №32 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаардык кеңештеринин, Ысык-Көл районунун Кумбел жана Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 21-февралындагы № 61 токтомуна тиркеме |
Ысык-Көл облусу
Балыкчы шаары
Балыкчы шаардык кеңеши (31 мандат)
Борбору: Балыкчы шаарынын мэриясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 28129.
Бирдиктүү шайлоо округу.
Балыкчы шаарынын аймагы жана Таш Сарай, Орто-Токой айылдары толугу менен кирет.
Каракол шаары
Каракол шаардык кеңеши (31 мандат)
Борбору: Каракол шаарынын мэриясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 37227.
Бирдиктүү шайлоо округу.
Каракол шаарынын аймагы толугу менен кирет.
Ысык-Көл району
Кумбел айылдык кеңеши (Мандаттардын саны - 11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн резерв)
№ 1 шайлоо округу (УШК № 3033)
Борбору: Булан-Сөгөттү айылы, Ч.Иманкулов атындагы орто мектеп.
Шайлоочулардын саны: 819.
Мандатынын саны - 3, анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв.
Чек арасы: көч. Тулөкабылата, Семеев, проектидеги көчөлөр (жаңы конуш), Ленина, Абдыкеримов Талып, Максутата, Гагарина, Дружба, Бейшеев, Бешмойнок, Стамалиева, барак үйлөр.
№ 2 шайлоо округу (УШК № 3034)
Борбору: Күмбел айылы, Айылдык клубу.
Шайлоочулардын саны: 1908.
Мандатынын саны - 8, анын ичинен 3 мандат аялдар үчүн резерв.
Чек арасы: Т.Осмонова, Ногойбаева (Дөң-Саз), проектидеги көчөлөр (жаңы конуш), Жаштык, Темир (интернациональная), Садатканова, Абдраева, Манаса, Үсөйүн, Сыдыкова, Сокубай, Токтогула, Кененбаева, Асанов, Борончу, Осмон агай, Үркүнбай көчөлөрү.
Жети-Өгүз району
Оргочор айылдык кеңеши (Мандаттардын саны - 11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн резерв)
№ 1 Оргочор шайлоо округу (УШК № 3180)
Борбору: Оргочор айылы, айылдык маданият үйүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: 2151.
Мандатынын саны - 8, анын ичинен 3 мандат аялдар үчүн резерв.
Чек арасы: Кургак-Айрык айылы, Н.Кушбеков көчөсү № 1 үйдөн № 36 үйүнө чейин толугу менен; Кызыл-Суу участкасы, Фруктовая көчөсү № 1 үйдөн № 25 үйгө чейин, Рысмендеев көчөсү № 1 үйдөн № 25 үйүнө чейин толугу менен, Жаңы-Конуш № 1 үйдөн № 36 үйгө чейин, Манас көчөсү № 1 үйдөн № 10 үйгө чейин.
Оргочор айылы: Токтогул көчөсү № 1 үйдөн № 36 үйүнө чейин, Тоголок молдо көчөсү № 1 үйдөн № 38 үйүнө чейин, Кожомкул көчөсү № 1 үйүнөн № 18 үйүнө чейин, Д.Кайдуев көчөсү № 1ден № 50 чейин, Мамбеталиев көчөсү № 1ден № 23 чейин, К.Микеев № 1ден № 36 чейин, Э.Каптагаев № 1ден № 24кө чейин, Урсай Акматов көчөсү № 1ден № 33кө чейин, А.Сабаев № 1ден № 13, Манас № 1ден № 17ге чейин, Семетей № 1ден № 10го чейин, Сейтек № 1ден № 10го чейин, Бакай-Ата № 1ден № 6га чейин, Ак-Терек № 1ден № 10го чейин, Эр-Төштүк № 1ден № 6га чейин, Кызыл-Жар № 1ден № 6га чейин, Кызыл-Суу № 1ден № 6га чейин, Жети-Өгүз № 1ден № 5ке чейин, Т.Алиев № 1ден № 10го чейин, Бак 1 № 1ден № 4кө чейин, Бак 2 № 1ден № 6га чейин, Бак 3 № 1ден № 12ге чейин, Бак 4 № 1ден № 5ке чейин, Жаштык-1 № 1ден № 8ге чейин, Жаштык-2 № 1ден № 7ге чейин, Жаштык-3 № 1ден № 5ке чейин, Нурлуу № 1ден № 26га чейин.
Подгорный айылы: Жаштык-4 № 1ден № 6га чейин, К.Сатыбалдиев № 1ден № 25ке чейин, А.Усупбаев № 1ден № 12ге чейин, Ж.Тынаев № 1ден № 13кө чейин, Ала-Тоо № 1ден № 11ге чейин, С.Асаналиев № 1ден № 19га чейин, Кайынды № 1ден № 11ге чейин, Аманкулов № 1ден № 23кө чейин, Ак-Толкун № 1ден № 13кө чейин, Каракол № 1ден № 29га чейин, Өзгөрүш № 1ден № 26 чейин, Жал көчөсү № 1ден № 8ге чейин, Тынаев Орозбектин кашарынан баштап Орозалиев Догдурбайдын кашарына чейинки кашарлар.
№ 2 шайлоо округу (УШК № 3181)
Борбору: Боз-Бешик айылы, Ж.Желдеңбаев атындагы орто мектебинин спорт залы Шайлоочулардын саны: 840.
Мандатынын саны - 3, анын ичинен аялдарга 1 мандат аялдар үчүн резерв.
Чек арасы: Ж.Омуров № 1ден № 40ка чейин, А.Маанаев № 1ден № 67ге чейин, Э.Орозбаков № 1ден № 20, Ысык-Көл № 1ден № 6га чейин, Керим № 1ден № 72ге чейин, Муканбет № 1ден № 40ка чейин, Боз-Бешик-1 № 1ден № 8ге чейин, Боз-Бешик-2 № 1ден № 8ге чейин, Боз Бешик-3 № 1ден № 8ге чейин, Орозалиев Догдурбайдын кашарынан ары Боз-Бешик айылы, Марко-Поло эс алуу жайы, Кокуй-Көл, Арал участкалары.