Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020- жылдын 21-февралы №62
2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча Аламүдүн жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын чечими менен берилген сунушунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин жана «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 10-февралындагы ПЖ №32 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңештеринин, Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 21-февралындагы № 62 токтомунун тиркемеси |
Чүй облусу
Ысык-Ата району
Милянфан айылдык кеңеши (мандаттын саны - 11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн)
№ 1 шайлоо округу (УШК № 7129)
Борбору: Маданият үйүнүн имараты, Ленин 84 көчөсү.
Чек арасы: Милянфан айылы, Гагарин, Дачная, Дивазов, И.Маслянов, Ленин, Молодежный, Р.Хаваза, Речная, А.Есеза, Фрунзе, Центральный, Шопоков көчөлөрү.
Шайлоочунун саны: 1651.
Мандаттын саны - 6, анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв.
№ 2 шайлоо округу (УШК № 7152)
Борбору: Ванахун атындагы орто мектеби, Гагарина 50 көчөсү.
Чек арасы: Милянфан айылы. Ванахун, Гагарин, Западный, Конечный, Крепостной, Ленин, Молодежный, Пионер, Речный, Саджовый, Фрунзе, Хавазов, Школьный, Сушанло, Шиваз, Масанчи көчөлөрү.
Шайлоочунун саны: 1541.
Мандаттын саны - 5, анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв.
Аламүдүн району
Арашан айылдык кеңеши (11 мандат, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн)
Арашан шайлоо округу (УШК № 7196, 7400)
Борбору: № 1 Стрельников атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Чынгыш баатыр № 1 көчөсү.
Чек арасы: Арашан айылы, Исабеков, Титов, Чынгыш баатыр, Бектембаев, Аламүдүн, Участок татыр, Байчечекей, Атакулов Курманбүбү, Кыдыраалы уулу Курман, Чунгурчак, Кара-Кыя, Узун-Кыр, Ибраим-Ата, 8-март, Садовая, А.Сулайманов, Кошокбеков, Чапрашты, Полевая, Ж.Акматов, Молдобеков, Нижняя-стройка, Новая көчөлөрү.
Шайлоочунун саны: 2700.
Мандаттын саны - 11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн резерв.
Токмок шаары
Токмок шаардык кеңеши (Мандаттын саны - 31)
Борбору: Токмок шаарынын мэриясы.
Шайлоочунун саны - 34738.
Бирдиктүү шайлоо округу.
Токмок шаарынын аймагы толук кирет.