Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-январы № 10
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 154 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө" Нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы №117 Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы №154 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө” Нускамага (мындан ары – Нускама) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Нускаманын аталышы “шайлоону өткөрүүдө” деген сөздөрдөн кийин “талапкерлердин,” деген сөз менен толукталсын;
2) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ушул Нускама талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсептерин ачуунун, жүргүзүүнүн, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсебинин жана отчеттуулугунун тартибин жөнгө салат.”.
3) 1.1. пунктта:
- биринчи абзацта “учурдан тартып” деген сөздөрдөн кийин “жеке өзү же болбосо” деген сөздөр менен толукталсын, “түзүүгө укуктуу” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу түзүшөт” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта “жергиликтүү” деген сөз “шаардык” деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 1.5. пунктта “саясий партияга,” деген сөздөрдн кийин “жана” деген сөз менен толукталсын;
5) 1.6. пунктта “көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби” деген сөздөр “талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсебин ачуу, жүргүзүү, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондорунун каражаттары боюнча эсеби жана отчеттуулугу үчүн” деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 1.9. пункттун биринчи сүйлөмүндө “жана Борбордук шайлоо комиссиясы” деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкү редакциядагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
“Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарын эсепке алуу жана чыгымдоо жөнүндө маалыматтар жума сайын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланат.”;
7) 2.1. пунктта:
экинчи абзацта “учурдан тартып,” деген сөздөрдөн кийин “жеке өзү же болбосо” деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацта “түзүүгө укуктуу” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу түзүшөт” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Талапкер же талапкерлердин тизмеси катталган учурда, талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдында үгүт жүргүзүүлөрдү каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачык эсебин жүргүзүүнү улантышат.”
8) 2.4. пунктта:
- “ошондой эле шайлоого чейин даярдалган, алар тийиштүү шайлоо комиссиялары тарабынан эсепке алынат, үгүттөө-маалымдоо мүнөзүндөгү материалдардан” деген сөздөр алып салынсын.
- 3-пунктчанын алтынчы абзацында “талапкер” деген сөздөн кийин “, анын ичинде саясий партиядан талапкер” деген сөздөр менен толукталсын;
9) 2.5. пунктта “шайлоо эсебине” деген сөздөр “эсеп” деген сөз менен алмаштырылсын;
10) 3.1. пункттун он экинчи абзацында “же” деген сөз “паспорттук маалыматтарын, ошондой эле” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 3.2. пунктта:
- “жол берилбейт” деген сөздөр “тыюу салынат” деген сөздөргө алмаштырылсын,
- “же башка” деген сөздөр алып салынсын;
12) 4-главанын аталышындагы “шайлоо эсептерин” деген сөздөр “эсептерди” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 4.1. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4.1. Шайлоо фондун түзүү үчүн талапкер, саясий партия атайын эсеп ачууга документтерди тариздөө тууралуу 1-форма боюнча арыз менен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына кайрылат.”;
14) 4.2. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4.2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынан атайын эсеп ачууга жазуу жүзүндөгү 2-форма боюнча уруксат алгандан кийин айылдык кеңешке талапкерлер, айылдык кеңешке талапкерлерди көрсөткөн, же болбосо шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия шайлоо фондун түзүү үчүн атайын эсеп ачат.”;
15) 4.3. пунктта:
- биринчи абзацта “Банк тарабынан” деген сөздөр “Банк мекемелери тарабынан” деген сөздөргө, “шайлоо эсебин” деген сөздөр “эсепти” деген сөзгө алмаштырылсын,
- төртүнчү абзацта “паспорту же аны алмаштыруучу документи” деген сөздөр “паспорту” деген сөзгө алмаштырылсын;
- бешинчи абзац “партиянын” деген сөздөн кийин “финансы маселелери боюнча” деген сөздөр менен толукталсын;
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“саясий партиянын же партиянын региондук (аймактык) бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, саясий партиянын региондук (аймактык) бөлүмүнүн Уставынын же Жобосунун көчүрмөсү. (Көрсөтүлгөн документтерди өзүн өзү көрсөткөндөр бербейт).”;
- жетинчи абзацта “карточка” деген сөз “картачалар” деген сөзгө алмаштырылсын;
16) 4.4. пунктта:
- “шайлоо эсеби” деген сөздөр “эсеп” деген сөзгө алмаштырылсын;
- расмий тилдеги редакциядагы «обязана» деген сөз «обязаны» деген сөзгө алмаштырылсын;
17) 4.5. пунктта:
- “шайлоо эсеби” деген сөздөр “эсепти” деген сөзгө алмаштырылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
“Мында айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, айылдык кеңешке ар бир талапкер үчүн чыгымдардын жана келип түшүүлөрдүн белгиленген чектик суммасына талаптарды сактоого тийиш.”;
18) 5.1. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5.1. Шайлоо фондун түзгөн талапкердин, саясий партиянын өздүк каражаттары жана жарандардын жана юридикалык жакттардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары банк же башка мекеменин атайын эсебине которулат. Шайлоо фондуларына түшкөн акча каражатар улуттук валютада кабыл алынат. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер кошуп эсептелбейт жана төлөнбөйт.”;
19) 5.2. пунктта:
- “мекемелери” деген сөз “мекемеси” деген сөзгө алмаштырылсын;
- “же паспортту алмаштыруучу документти”, “же жарандын паспортун алмаштыруучу документтин”, “же аны алмаштыруучу документтин” деген сөздөр алып салынсын;
20) 5.3. пунктта “мекемелери” деген сөз “мекемеси” деген сөзгө алмаштырылсын;
21) 6.1. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6.1. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылат:
1) шайлоо алдындагы үгүткө багытталган уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыз кылууга;
2) ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдө шайлоо күрөөсүн төлөөгө;
3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан иштерди аткаргандыгы, кызмат көрсөткөндүгү үчүн төлөөгө, атап айтканда:
а) маалыматтык жана консультативдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө;
б) үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга;
в) жайлардын, жабдуулардын ижарасына;
г) транспорттук жана иш-сапардык чыгымдарды жабууга;
д) байланыш кызматтарына;
е) кеңсе товарларын, жабдууларды сатып алууга;
ж) жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяларды жарыялоого жана талапкердин чыгып сүйлөөсүнө;
з) шайлоо алдындагы чогулуштарды өткөрүүгө, шайлоочулар менен жолугушууга;
и) товарларды жеткирип берүүгө.”;
22) 6.3. пунктта:
- “жумасына бир жолудан кем эмес” деген сөздөр алып салынсын;
- расмий тилдеги редакциясында “учреждениями банка” деген сөздөр “банковским учреждением” деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 6.4. пунктта:
- биринчи сүйлөмдө “же башка мекемелер” деген сөздөр “мекемелери” деген сөзгө алмаштырылсын;
- экинчи сүйлөм “түшкөнүнө жараша” деген сөздөрдөн кийин “жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен” деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү сүйлөмдө “же башка мекемелер” деген сөздөр “мекемелери” деген сөзгө алмаштырылсын, “шайлоо эсебиндеги каражаттардын” деген сөздөр “эсептеги каражаттарынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү сүйлөмдө “шайлоо комиссиясына” деген сөздөрдөн кийин “саясий партиянын талапкеринин” деген сөздөр менен толукталсын;
24) 7-главанын аталышында “Саясий партиялардын” деген сөздөрдөн кийин “талапкерлеринин” деген сөздөр менен толукталсын;
25) 7.1. пунктта:
- биринчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Талапкердин шайлоо өнөктүгү менен байланышкан белгилүү жумуштарды аткаруу жөнүндө (кызмат көрсөтүү жөнүндө) жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдер (макулдашуулар) талапкердин жеке өзү же болбосо анын ыйгарым укуктуу өкүлү, ал эми саясий партиялардын шайлоо өнөктүгү менен байланышкандар – саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү менен гана түзүлөт.”;
- төртүнчү сүйлөмдө “(көрсөткөнү)” деген сөз алып салынсын;
26) 7.2. пунктта “(келишим, эсеп, акт)” деген сөздөр “(келишим, эсеп-фактура, коштомо кагаздар, кабыл алуу-өткөрүү актысы)” деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 7.3. пунктта “жүзөгө ашыруучу ишканаларга” деген сөздөрдөн кийин “№6 формасы боюнча” деген сөздөр алып салынсын, “(кызмат көрсөтүүлөрдү)” деген сөздөрдөн кийин “6-форма боюнча” деген сөздөр менен толукталсын;
28) 8.1. пунктта:
- биринчи абзацта “Шаардык кеңештин” деген сөздөргө чейин “Талапкер,” деген сөз менен толукталсын;
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) айылдык кеңештерге – мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он эсе өлчөмүндө”;
29) 8.2. пункт “Саясий партия” деген сөзгө чейин “Талапкер,” деген сөз менен толукталсын;
30) 8.3. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8.3. Шайлоо күрөөсү депутаттыкка талапкерлерге, депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга төмөнкүдөй учурларда кайра кайтарылып берилет:
1) шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнүн фондун түзүүнүн булактарын, ошондой эле жүргүзүлгөн бардык сарптоолорунун өлчөмү жөнүндө отчетту берген шартта, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15 пайыздан кем эмесинин добушун алса;
2) эгерде тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;
3) шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тартса.”;
31) 8.4. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8.4. Күрөөнүн калган суммасы республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш. Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы жөнүндө, талапкерлерге жана саясий партияларга кайтарылган шайлоо күрөөлөрдүн суммасы жана республикалык бюджетке чегерилген сумма жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.”;
32) 9-главанын аталышында “жана контроль” деген сөздөр алып салынсын;
33) 9.1. пунктта:
- биринчи абзацта “шайлоолордон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен” деген сөздөр алып салынсын;
- биринчи абзац “өзүнүн” деген сөздөн кийин “шайлоо” деген сөз менен толукталсын;
- экинчи абзацта “электрондук версияда” деген сөздөрдөн кийин “(кол тамга жана мөөрү менен сканерленген көчүрмөсү) жана 7-форма боюнча электрондук сактагычта EXCEL форматында” деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктча “финансылык отчет” деген сөздөрдөн кийин “(биринчи финансылык отчеттун маалыматтарын эске алуу менен)” деген сөздөр менен толукталсын;
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) Үчүнчү жыйынтыктоочу финансылык отчет (жыйынды маалыматтар) – добуш берүү күнүнөн кийин 10 күндөн кечиктирилбестен. Отчеттогу маалыматтар отчет берилген датанын алдындагы 3 күндөн көп эмес датага түзүлөт. Жыйынтык отчетко төмөнкүлөр тиркелет:
- шайлоо фондунун каражаттарынын келип түшүү булактары жана чыгымдалышы тууралуу маалыматтар (7-формага 1, 2-маалыматтар);
- акча каражаттарынын атайын эсепке келип түшүүсүн жана бул каражаттардын чыгымдалуусун бышыктоочу, кагаз жүзүндөгү баштапкы финансылык документтер (эсеп-фактуралар, келишимдер, коштомо кагаздар, кабыл алуу-өткөрүү актылары, банктык көчүрмөлөр ж.б.).”;
34) 9.2. пунктта биринчи сүйлөмдөгү “шайлоо” деген сөз алып салынсын;
35) 9.3. пунктта:
- “(№7 форма)” деген сөз алып салынсын;
- “пайда болсо,” деген сөздөрдөн кийин “талапкерлер” деген сөз менен толукталсын, “укуктуу өкүлдөр” деген сөздөрдөн кийин “жыйынтыктоочу” деген сөз менен толукталсын;
36) 9.4. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9.4. Финансылык отчетко (биринчи, экинчи, жыйынтыктоочу) талапкер жеке өзү жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт. Аймактык шайлоо комиссиясына жыйынтыктоочу финансылык отчетторду берүү кабыл алуу актылары менен жол-жоболоштурулат. Жыйынтыктоочу финансылык отчетту өткөргөнгө чейин калган бардык накталай каражаттар кайрымдуулук кылуучуларга кайтарылууга тийиш.”;
37) 9.5. пунктта “калганы” деген сөздөн кийин “добуш берүү күнүнөн кийин” деген сөздөр менен толукталсын;
38) 9.6. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9.6. Талапкердин финансылык отчетун өткөрүү милдети жеке өзүнө, же болбосо финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө, саясий партияныкы – финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөт.
Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун финансылык отчетторун бербеген же жарыялабаган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.”;
39) 10.1. пунктта:
- “бербегендик жана” деген сөздөрдөн кийин “финансылык” деген сөз менен толукталсын;
- “жоопкерчиликти” деген сөздөн кийин “талапкер, талапкердин,” деген сөздөр менен толукталсын;
40) 10.2. пунктта “же сот” деген сөздөр алып салынсын;
41) Нускаманын 1-8-формалары ушул токтомго тиркемеге ылайык жаңы редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Тиркеме |
|
| № 1 форма |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо
|
| _______________________________________ |
|
| аймактык шайлоо комиссиясына |
|
| _______________________________________ |
|
| (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын аталышы, региондук (аймактык) бөлүмдөр) |
Атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн АРЫЗ
Шайлоо фондун түзүү үчүн ________________________________________________________________________ |
| ||
________________________________________________________________________________________________ (банк мекемесинин аталышы, юридикалык дареги) |
| ||
атайын эсеп ачууга документтерди жол-жоболоштурууга уруксат берүүнү суранабыз. Шайлоо фондунун акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдар: |
|
| |
_______________________________________________________________________________________________ (талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| ||
Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясий партиянын шайлоо фондунун акчалай каражаттарын түзүүнүн, келип түшүүсүн жана чыгымдалуусун эсепке алуунун тартиби жөнүндө" |
|
| |
_______________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын жетекчисинин фамилиясы, аты-жөнү региондук (аймактык) бөлүмдө) | ____________________ (кол тамга) |
|
|
|
|
М.О. |
|
|
|
|
|
_______________________________________________ (талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) | ____________________ (кол тамга) |
|
| "__" _________ 20__-ж. |
|
|
| № 2 форма |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо
|
| ____________________________________ (банк мекемесинин аталышы) |
Атайын шайлоо эсебин ачуу жөнүндө
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 8-пунктуна ылайык |
|
|
__________________________________________________________________________________________________ (аймактык шайлоо комиссиясынын аталышы) |
| |
Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо фондун түзүү үчүн атайын шайлоо эсебин ачууга уруксат берет. |
|
|
__________________________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын аталышы региондук (аймактык) бөлүмдөр) |
| |
Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдар: |
|
|
__________________________________________________________________________________________________ (талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| |
____________________________________________________ (аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн фамилиясы, аты-жөнү) | _____________________ (кол тамга |
|
|
|
|
М.О. | "__" ___________ 20__-ж. |
|
|
| № 3 форма |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо
|
| ____________________________________ аймактык шайлоо комиссиясына ____________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын аталышы региондук (аймактык) бөлүмдөр) |
Банк мекемесиндеги атайын эсептин реквизиттери тууралуу
Шайлоо алдындагы өнөктөрдү жүргүзүү үчүн
______________________________________________________________________________________________ (банк мекемесинин аталышы)
№ ____________________________________________________ атайын шайлоо эсеби ачылганын билдирет.
________________________________________________ |
| ____________________ |
(талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамга) |
|
| "__" _____________ 20__-ж. |
|
| № 4 форма |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо
Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна акча каражаттарынын келип түшүүсү жана ЧЫГЫМДАЛЫШЫ
________________________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын аталышы региондук (аймактык) бөлүмдөр)
_______________________________________________________________________________ (шайлоо эсебинин маалымат-даректери)
1. Шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар
Каражаттын эсепке которулган датасы | Келип түшүү булагы | Финансылык эсептин сабынын шифри | Келип түшкөн каражаттардын суммасы (сом) | Каражаттын түшкөнүн бышыктаган документ | Белгиленген тартипти бузуу менен келип түшкөн жана кайтарылууга жаткан каражаттар |
| |||||
Баары |
2. Шайлоо фондунун каражаттарынан кайрылып берилди, бюджетке чегерилди
Каражаттын эсепке чегерилген күнү | Эсептен каражаттарды кайтарып берүү (которуу) датасы | Каражаттардын келип түшкөн булагы | Финансылык эсептин сабынын шифри | Кайрылган, бюджетке которулган каражаттар (сомдо) | Кайтаруунун (которуунун) негизи | Каражаттардын чыгымдалганын бышыктоочу документ |
| ||||||
Баары |
3. Шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдалды
Чыгымдалган операциянын датасы | Каражат кимге которулган | Финансылык эсептин сабынын шифри | Суммасы (сом менен) | Чыгымдын түрлөрү | Чыгымды бышыктоочу документ | Акча каражаттарын которуу үчүн негиз | Фондго которулган каражаттардан жаңылыш которулган, пайдаланылбаган сумма | Иш жүзүндө чыгымдалган каражаттардын суммасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Баары |
|
|
|
|
|
|
|
|
________________________________________________ |
| ____________________ |
(талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамга) |
|
| "__" _____________ 20__-ж. |
|
| № 5 форма |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо
Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун атайын эсебинде турган акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө МААЛЫМАТТАР
(банк мекемелери аркылуу берилет)
_______________________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын аталышы региондук (аймактык) бөлүмдөр)
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________ (атайын шайлоо эсебинин маалымат-даректери)
20__-жылдын "__" __________ тартып 20__-жылдын "__" __________ чейинки мезгилде келип түшкөн каражаттар.
Каражаттын эсептешүү эсебине чегерилген датасы | Келип түшүү булагы (жеке адамдын фамилиясы же уюмдун аталышы) | Каражатты которууну жүзөгө ашырган уюмду же жеке адамды идентификациялоочу маалымат-даректер | Сумма, сом | Келип түшүүлөрдүн түрү | Каражаттын келип түшкөнүн бышыктоочу документ |
| |||||
Баары | |||||
20__-жылдын "__" __________ тартып 20__-жылдын "__" __________ чейинки мезгилде иштетилген каражаттар.
Эсеп жүргүзүүчү эсептен чыгымдоо операциясынын датасы | Алуучу (юридикалык жактын аталышы/ жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү) | Төлөмдүн багытталышы | Сумма, сом | Чыгымдоонун түрү | Каражатты чыгымдоону тастыктаган документ |
Баары | |||||
_________________________________________________ |
| ____________________ |
(банктын башкармасынын фамилиясы, аты-жөнү, кызмат орду) |
| (кол тамга) |
|
| "__" ______________ 20__-ж. |
|
| № 6 форма |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо
Талапкердин, саясий партиянын макулдугунун БЫШЫКТАМАСЫ
_____________________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/региондук (аймактык) бөлүмүнүн аталышы)
____________________________________________________________________________________________ (талапкердин же финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн фамилиясы, аты-жөнү)
____________________________________________________________________________________________ (атайын шайлоо эсебинин маалымат-даректери)
20__-жылдын "__" _____________ № _______________ келишимине ылайык төмөнкү жумуштарды аткарууга (товарларды сатып алууга, кызмат көрсөтүү), ошондой эле басылма үгүт материалдарын таратууга макулдук берет
____________________________________________________________________________________________ (жарандын фамилиясы, аты-жөнү, уюмдун аталышы)
________________________________________________ |
| ____________________ |
(талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамга) |
|
| "__" _____________ 20__-ж. |
|
| № 7 форма |
ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТ _________________________________________________________________________ биринчи, экинчи, жыйынтыктоочу (бириктирилген маалымдоолор)
Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы 20__-жылдын "__" ___________ тартып 20__-жылдын "__" ___________ чейинки мезгилде ____________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/региондук (аймактык) бөлүмүнүн аталышы) ___________________________________________________________________________ (атайын шайлоо эсебинин маалымат-даректери)
№ к/н | Каражаттын келип түшкөн булагы жана чыгымдардын түрлөрү | Саптын коду | Сумма, сом | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 | Отчеттук мезгилдин башталышындагы калдыктар | 010 | ||
2 | Шайлоо фондуна келип түшкөн каражат, анын ичинде баары: | 020 | ||
баары: | ||||
2.1 | Белгиленген тартипте келип түшкөнү, анын ичинде | 030 | ||
2.1.1 | Талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өздүк каражаты | 040 | ||
2.1.2 | Саясий партиянын өздүк каражаты | 050 | ||
2.1.3 | Юридикалык жактын ыктыярдуу кайрымдуулук жардамы | 060 | ||
2.1.4 | Жеке жактын ыктыярдуу кайрымдуулук жардамы | 070 | ||
2.2 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 15-беренесинин 4, 5-пункттарын бузуу менен келип түшкөндөр, анын ичинде: | 080 | ||
2.2.1 | Юридикалык жактардан | 090 | ||
2.2.2 | Жеке жактардан | 100 | ||
2.3 | Келип түшкөн суммалардын шайлоо күрөөсү катары кайтарылгандар | 105 | ||
2.4 | Мыйзамдарда тыюу салынбаган башка келип түшүүлөр | 110 | ||
3 | Кайтарылган акча каражаттары, анын ичинде | 120 | ||
баары | ||||
3.1 | Республикалык бюджеттин кирешесине чегерилгендер | 130 | ||
3.2 | Кайрымдуулук жардам бергендерге кайтарылганы, анын ичинде | 140 | ||
баары | ||||
3.2.1 | Кайрымдуулук жардам берүүгө тыюу салынган юридикалык жакка же болбосо төлөм документтеринде милдеттүү маалыматтарды көрсөтпөгөндөргө | 150 | ||
3.2.2 | Кайрымдуулук жардам берүүгө тыюу салынган жеке жакка же болбосо төлөм документтеринде милдеттүү маалыматтарды көрсөтпөгөндөргө | 160 | ||
3.3 | Кайрымдуулук жардам берүүнүн чектик өлчөмүнөн ашкан каражаттар | 170 | ||
4 | Шайлоо фондусунан чыгымдалган каражаттар, анын ичинде | 180 | ||
баары | ||||
4.1 | Шайлоо алдындагы үгүт иштерине багытталган уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыз кылуу, анын ичинде | 190 | ||
баары | ||||
4.1.1 | Телерадио уктуруу уюмдары аркылуу шайлоо алдындагы үгүттөргө | 200 | ||
4.1.2 | Мезгилдүү басма сөз редакциялары аркылуу шайлоо алдындагы үгүттөргө | 210 | ||
4.2 | Шайлоо күрөөсүн төлөөгө | 220 | ||
4.3 | Шайлоо кампанияларын өткөрүүгө түздөн түз байланышкан иштерди аткарууга, кызмат көрсөтүүгө акы төлөөлөр, анын ичинде баары | 230 | ||
4.3.1 | Маалыматтык жана консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүгө | 240 | ||
4.3.2 | Үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга, анын ичинде | 250 | ||
баары | ||||
4.3.2.1 | Көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн үгүт материалдарын чыгарууга (1 пайыздан кем эмес) | 260 | ||
4.3.3 | Орун-жайларды, жабдууларды ижарага алуу | 270 | ||
4.3.4 | Транспорттук жана иш сапарлары үчүн чыгымдарга төлөп берүү | 280 | ||
4.3.5 | Байланыш кызматтары | 290 | ||
4.3.6 | Кеңсе товарларын, жабдууларын сатып алуу | 300 | ||
4.3.7 | Кулактандырууларды жарыялоо жана жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкерлердин чыгып сүйлөөлөрү | 310 | ||
4.3.8 | Шайлоо алдындагы чогулуштарды өткөрүү, шайлоочулар менен жолугушуу | 320 | ||
4.3.9 | Товарларды берип туруу | 330 | ||
4.4 | Шайлоо алдындагы кампанияларга түздөн түз байланышкан башка чыгымдарга төлөө | 340 | ||
Анын ичинде | ||||
4.4.1 | Салыктык чегерүүлөр жана социалдык милдеттенмелер | 360 | ||
4.4.2 | Мыйзамдарда тыюу салынбаган башка чыгымдар | 370 | ||
5 | Отчеттук мезгилдин соңундагы калдык | 380 |
Ушул финансылык отчетто көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын бышыктаймын, шайлоо фондунан тышкары шайлоо өнөктүгүн уюштурууга жана өткөрүүгө башка акча каражаттары тартылган эмес.
_______________________________________________ |
| ____________________ |
(талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/региондук (аймактык) бөлүмүнүн аталышы) |
| (кол тамга) |
|
|
|
М.О. |
|
|
|
|
|
_______________________________________________ |
| ____________________ |
(финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамга) |
|
| "__" ______________ 20__-ж. |
|
| № 7 формага 1-маалымат |
"__" ____________ 20__-жылдан "__" ____________ 20__-жылдын аралыгында талапкердин/саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн кайрымдуулук жардамдар жөнүндө МААЛЫМАТ ______________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/региондук (аймактык) бөлүмүнүн аталышы)
№ к/н | Юридикалык жактын толук аталышы | ИНН/ жайгашкан жеринин дареги | Келип түшкөн кайрымдуулук жардамдарынын суммасы | |
баары, сом | алардын ичинде: "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Мыйзамынын 15-беренесинин 4, 5-пункттарын бузуу менен, сом | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
БААРЫ |
|
| ||
№ к/н | Жеке жактын фамилия, аты-жөнү | ИНН/ жайгашкан жеринин дареги | Келип түшкөн кайрымдуулук жардамдарынын суммасы | |
баары, сом | алардын ичинде: "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Мыйзамынын 15-беренесинин 4, 5-пункттарын бузуу менен, сом | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 | ||||
2 | ||||
3 | ||||
4 | ||||
БААРЫ | ||||
Талапкердин/саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн кайрымдуулук жардамдар жөнүндө ушул маалыматта көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын тастыктаймын, шайлоо фондуна тышкары шайлоо кампаниясын уюштурууга жана өткөрүүгө башка акча каражаттары тартылган эмес.
_____________________________________________________ |
| ____________________ |
(талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамгасы) |
|
| "__" ______________ 20__-ж. |
|
| № 7 формага 2-маалымат |
"__" _____________ 20__-жылдан "__" _____________ 20__-жылдын аралыгында "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Мыйзамынын беренелерин бузуу менен келип түшкөн юридикалык жана жеке жактардын кайрымдуулук жардамдарын кайтаруу жөнүндө МААЛЫМАТ _______________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/региондук (аймактык) бөлүмүнүн аталышы)
№ к/н | Акча каражаттарынын, башка мүлктүн келип түшкөн датасы | Юридикалык жактын толук аталышы (Жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү) | ИНН/ Юридикалык жактын дареги/ Жеке жактын дареги | Кайтарып берүүнүн негиздери* | Кайтарып берилген дата (республикалык бюджетин кирешесине чегерүү) | Кайрымдуулук жардамдарын бергендерге кайра кайтаруу, сом | Республикалык бюджетин кирешесине чегерүү, сом |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
| |||||||
| |||||||
| |||||||
Баары | |||||||
(*) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Мыйзамынын тийиштүү беренелери, пункттары, пунктчалары көрсөтүлөт, ага ылайык кайрымдуулук жардамдарын кайтаруу жүргүзүлөт.
Юридикалык жана жеке жактар тарабынан талапкердин/саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарын чыгымдоо боюнча финансылык операцияларды ЧЕЧМЕЛӨӨ
№ к/н | Операциялар аяктаган дата | Юридикалык жактын толук аталышы (Жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү) | ИНН | Финансылык отчеттун сабынын коду | Операциянын мазмуну | Сумма, сом |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
| ||||||
| ||||||
| ||||||
Баары | ||||||
Талапкердин/саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарын кайтарып берүү жана чыгымдоо жөнүндө ушул маалыматта көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын тастыктаймын, шайлоо фондуна тышкары шайлоо кампаниясын уюштурууга жана өткөрүүгө башка акча каражаттары тартылган эмес.
_______________________________________________________ |
| _____________________ |
(талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамгасы) |
|
| "___" ______________ 20__-ж. |
|
| № 8 форма |
|
|
|
|
| бет жагы |
Кол тамганын үлгүсү менен КАРТОЧКА
Атайын эсептин ээси
_______________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/региондук (аймактык) бөлүмүнүн аталышы)
_______________________________________________________________________________________________ (жетекчинин фамилиясы, аты-жөнү)
_______________________________________________________________________________________________ (орун алган жери, байланыш маалыматтары)
_______________________________________________________________________________________________ Банк мекемесинин аталышы
_______________________________________________________________________________________________ Банк мекемесинин орун алган жери
Кол тамгалардын үлгүлөрүн пайдаланууга уруксат
Башкы бухгалтер (же анын орун басары) | _________________________________ |
|
| (кол тамгасы) |
|
| "__" ______________ 20___-ж. |
|
Кол тамгалардын үлгүлөрүн билдиребиз, аларды эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө милдеттүү деп эсептөөнү өтүнөбүз.
| арткы жагы |
Атайын эсептин ээси ______________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/региондук (аймактык) бөлүмүнүн толук аталышы)
Эсептин № _____________________________________________________________________________________ (атайын эсептин номери)
_________________________________________________ |
| ________________________ |
(талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамгасынын үлгүсү) |
|
|
|
|
| "__" _____________ 20__-ж. |
|
|
|
_________________________________________________ |
| ________________________ |
(талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/ региондук (аймактык) бөлүмүнүн жетекчисинин фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамгасы) |
|
|
|
М.О. |
|
|