Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 154 токтому менен бекитилген |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө НУСКАМА
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10, 2020-жылдын 18-мартындагы № 75 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ушул Нускама талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсептерин ачуунун, жүргүзүүнүн, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсебинин жана отчеттуулугунун тартибин жөнгө салат.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фондун түзөт. Шайлоо фондун түзбөө талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
Талапкерлер өзүн өзү көрсөткөн учурдан, саясий партиялар айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып жеке өзү же болбосо шайлоо компаниясын каржылоо үчүн шайлоо фондуларын ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу түзүшөт.
Саясий партиялар тарабынан айылдык кеңешке көрсөтүлгөн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан шаардык кеңешке көрсөтүлгөн талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банктагы атайын шайлоо эсебинде эсепке алынат. Аталган эсепти тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын уруксааты менен талапкер, саясий партия ачат.
1.3. Талапкерлер же талапкерлердин тизмеси катталган учурда талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия шайлоо алдындагы үгүттөрдү каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачык эсептерин жүргүзүүнү уланта беришет.
Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон расмий баш тартылган учурда, шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар аларды кайрымдуулук иретинде берүүнү жана которууну жүзөгө ашырган уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет.
1.4. Саясий партиянын шайлоо фонду төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1) талапкердин, саясий партиянын өздүк каражаттарынан;
2) ушул Нускаманын 3 бөлүмүндө саналган жактарды кошпогондо, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук чегерүүлөрүнөн.
1.5. Шайлоо фонддорунун каражаттарын тескөө укугу бул фондду түзгөн саясий партияга, жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгон, алардын өкүлдөрүнө таандык.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
1.6. Банк же башка мекемелердин тизмеги, талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсебин ачуу, жүргүзүү, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондорунун каражаттары боюнча эсеби жана отчеттуулугу үчүн банк же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
1.7. Бардык акча каражаттары шайлоо фондунун эсебине улуттук валютада которулат. Чет өлкөлүк валютада которууга тыюу салынат. Бул эсептер боюнча үстөк пайыздар чегерилбейт жана төлөнүп берилбейт.
1.8. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу болот жана шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.
1.9. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоону тийиштүү шайлоо комиссиялары жүзөгө ашырат. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарын эсепке алуу жана чыгымдоо жөнүндө маалыматтар жума сайын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланат. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун акча каражаттарынын келип түшүү булактарын, каражаттардын туура эсептелишин жана пайдаланылышын, шайлоо күрөөсүнүн төгүлүшүн жана кайтарылып берилишин контролдоо, талапкердин, саясий партиянын каржылык отчетторун текшерүү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы контролдоо-текшерүү тобу тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Шайлоо фонддорун түзүү
2.1. Шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, саясий партиянын финансы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фондун түзөт.
Талапкерлер өзүн өзү көрсөткөн учурдан, саясий партиялар айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып жеке өзү же болбосо шайлоо компаниясын каржылоо үчүн шайлоо фондуларын ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу түзүшөт.
Талапкер же талапкерлердин тизмеси катталган учурда, талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдында үгүт жүргүзүүлөрдү каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачык эсебин жүргүзүүнү улантышат.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшкөн акча каражаттары шайлоо дайындалган күнгө Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген эсептөө көрсөткүчүнөн эсептелет. Белгиленген көлөмдөн ашыкча келип түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандарга жана уюмдарга кайтарылып берилет. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарууга байланышкан чыгымдар аларды берген жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.
2.3. Талапкер өз талапкерлигин алып салганда, саясий партия талапкерлердин тизмесин чакырып алган же каттоодон баш тарткан же болбосо талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылган (алып салынган) учурда шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары аларды берген жарандарга жана уюмдарга токтоосуз кайтарылып берилүүгө жатат. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарууга байланышкан чыгымдар аларды берген жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.
2.4. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1) Бишкек, Ош шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо төмөндөгү акча каражаттарынан:
- талапкерлердин тизмесине киргизилген, талапкердин өздүк каражаты, анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон;
- саясий партиянын өздүк каражаты, анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон;
- өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
- өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 30000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.
Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 150000 эседен ашуусу мүмкүн эмес.
2) Шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо (Бишкек жана Ош шаарын алып салганда) төмөндөгү акчалай каражаттардан:
- талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өздүк каражаттары, өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашпашы керек;
- саясий партиянын өздүк каражаттары, өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпашы керек;
- жеке адамдардын кайрымдары, өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашпашы керек;
- юридикалык жактардын кайрымдары, өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашпашы керек.
Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партия чыгымдаган чектелген сумманын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 50000 эседен ашпашы керек.
3) Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо төмөндөгү акча каражаттарынан:
- талапкердин өздүк каражаты, анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашуусу мүмкүн болбогон;
- саясий партия бөлүп берген каражат, анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон;
- өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
- өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.
Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкер, анын ичинде саясий партиядан талапкер чыгымдаган чектелген сумманын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпашы керек.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
2.5. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун атайын эсеп өзүнүн акча каражаттарын акысыз кошуу өз ыктыярдуу кайрымдуулук берүүсү катары таанылат.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Шайлоо фонддоруна кайрымдуулук берүүлөргө тыюу салуулар
3.1. Шайлоо фондуна төмөнкү ыктыярдуу кайрымдуулук көрсөтүүгө жол берилбейт:
- чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн, катышуучусу чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар болуп саналган чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактарынын;
- жарандыгы жок адамдардын;
- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;
- уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүш бар, ошондой эле салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;
- аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;
- укук коргоо органдарынын, соттордун;
- кайрымдуулук менен алектенген уюмдардын;
- диний уюмдардын;
- атын атабай кайрымдуулук кылуучулардын.
Атын атабай кайрымдуулук кылуучу дегенде, төмөнкү жаран түшүнүлөт, эгерде ал төмөнкү маалыматтардын кайсынысын болбосун көрсөтпөй койсо: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жеринин дарегин, паспорттук маалыматтарын, ошондой эле ал тарабынан өзү жөнүндө анык эмес маалыматтар көрсөтүлсө.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Шайлоо фондуна мамлекеттик бюджеттин же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында карызы бар юридикалык жактардын, юридикалык жак түзбөстөн ишкердикти жүзөгө ашыруучу жеке жактардын акча каражаттарын кошууларына тыюу салынат. Көрсөтүлгөн юридикалык жана жеке жактар шайлоо фондуна акча каражаттарын которгон учурда талапкер, саясий партия жоопкерчилик тартпайт. Эгерде талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар которгон акча каражаттары келип түшкөн учурда, соттун чечими боюнча банк мекемелер, ал каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна которууга милдеттүү, ал өз кезегинде бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которот.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Атайын эсептерди ачуунун тартиби
4.1. Шайлоо фондун түзүү үчүн талапкер, саясий партия атайын эсеп ачууга документтерди тариздөө тууралуу 1-форма боюнча арыз менен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына кайрылат.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
4.2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынан атайын эсеп ачууга жазуу жүзүндөгү 2-форма боюнча уруксат алгандан кийин айылдык кеңешке талапкерлер, айылдык кеңешке талапкерлерди көрсөткөн, же болбосо шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия шайлоо фондун түзүү үчүн атайын эсеп ачат.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. Банк мекемелери тарабынан талапкердин, саясий партиянын атайын эсепти ачуу банкка төмөнкүлөр берилгенден кийин токтоосуз жүзөгө ашырылат:
- № 1 форма боюнча эсепти ачуу тууралуу талапкердин, саясий партиянын арызы;
- № 2 форма боюнча шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү уруксаты;
- финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн паспорту;
- партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсү;
саясий партиянын же партиянын региондук (аймактык) бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, саясий партиянын региондук (аймактык) бөлүмүнүн Уставынын же Жобосунун көчүрмөсү. (Көрсөтүлгөн документтерди өзүн өзү көрсөткөндөр бербейт);
- № 8 формасы боюнча саясий партиянын же региондук бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кол коюулардын үлгүлөрү менен картачалар.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
4.4. Талапкер, саясий партия атайын эсеп ачылган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө, № 3 форма боюнча өзүнүн шайлоо фондунун эсебинин маалым-дарегин аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
4.5. Талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондун түзүү үчүн бир гана атайын эсепти ачууга укугу бар. Мында айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, айылдык кеңешке ар бир талапкер үчүн чыгымдардын жана келип түшүүлөрдүн белгиленген чектик суммасына талаптарды сактоого тийиш.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
4.6. Эсепти тейлөөнүн бардык шарттары банктык эсепти тейлөөгө келишимде чагылдырылыш керек.
4.7. Эсепти ачуу боюнча банктын кызмат көрсөтүүсү үчүн акы алынбайт. Атайын шайлоо эсебинде турган акча каражаттарын пайдаланганы үчүн банкка үстөк пайыздар төлөнбөйт.
5. Акча каражаттарын шайлоо фонддоруна которуу
5.1. Шайлоо фондун түзгөн талапкердин, саясий партиянын өздүк каражаттары жана жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары банк же башка мекеменин атайын эсебине которулат. Шайлоо фондуларына түшкөн акча каражаттар улуттук валютада кабыл алынат. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер кошуп эсептелбейт жана төлөнбөйт.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
5.2. Тиешелүү шайлоо фондуна жеке адамдардан келип түшүүчү ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрү банк мекемеси тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун көрсөтүү боюнча гана кабыл алынат. Төлөм документтеринде кайрымдуулук берүүчүнүн фамилиясы, аты жана атасынын аты, туулган датасы, жашаган (катталган) жеринин дареги, паспорттун сериясы жана номуру көрсөтүлөт, алар банк кызматкери тарабынан паспорттун маалыматтары менен салыштырылат. Акчаны накталай төгүү дүмүрчөктөрүндө кайрымдуулук берүүчүнүн толук маалыматтары "төлөмдүн арналышы" графасында көрсөтүлөт. Акча каражаттарын алган банктан көрсөтүлгөн каражаттарды шайлоо фонду турган банкка которууда төлөм тапшырмасында кайрымдуулук берүүчү жөнүндө маалыматтар толук көрсөтүлүшү керек.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
5.3. Шайлоо фондуна юридикалык жактардан келип түшүүчү ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөр банк мекемеси тарабынан, тийиштүү салык инспекциясынан жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмүнөн бюджет алдында карызы жоктугу тууралуу маалымкатты көрсөтүү боюнча гана кабыл алынат. Юридикалык жактардын төлөм документтериндеги "төлөмдүн арналышы" графасында төмөнкү маалыматтар камтылышы керек - салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру, юридикалык жактын толук аталышы, жайгашкан жеринин дареги.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Шайлоо фонддорунун каражаттарын эсепке алынышы жана чыгымдалышы
6.1. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылат:
1) шайлоо алдындагы үгүткө багытталган уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыз кылууга;
2) ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдө шайлоо күрөөсүн төлөөгө;
3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан иштерди аткаргандыгы, кызмат көрсөткөндүгү үчүн төлөөгө, атап айтканда:
а) маалыматтык жана консультативдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө;
б) үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга;
в) жайлардын, жабдуулардын ижарасына;
г) транспорттук жана иш-сапардык чыгымдарды жабууга;
д) байланыш кызматтарына;
е) кеңсе товарларын, жабдууларды сатып алууга;
ж) жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяларды жарыялоого жана талапкердин чыгып сүйлөөсүнө;
з) шайлоо алдындагы чогулуштарды өткөрүүгө, шайлоочулар менен жолугушууга;
и) товарларды жеткирип берүүгө.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
6.2. Талапкер, саясий партия добуш берүү күнүнө чейин жарандар жана юридикалык жактар берген кайрымдуулуктарды пайдаланууга укугуна ээ. Шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттардан тышкары, башка акча каражаттарын жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө төлөө, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, башка шайлоо алдындагы иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
6.3. Талапкер, саясий партия, банк мекемесиндеги өзүнүн шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын булактары жана көлөмдөрү тууралуу маалыматтар менен таанышууга укуктуу. Талапкер, саясий партия № 4 форма боюнча өзүнүн шайлоо фондундагы каражаттардын келип түшүүсүнүн жана чыгымдалышынын эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
6.4. Банк мекемелери Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча - күн сайын 24 сааттын ичинде талапкер, саясий партия катталган аймактык шайлоо комиссиясына талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүлөрү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды берип турууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн маалыматтар келип түшкөнүнө жараша жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылуусу тийиш. Банк мекемелери шайлоо комиссиясына саясий партиянын талапкеринин шайлоо фондунун атайын эсептеги каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды № 5 формасы боюнча беришет. Көрсөтүлгөн маалыматтар жетекчинин койгон колу жана банк мекемесинин мөөрү басылган кагазда берилет. Бул маалыматтарды берүү жөнүндө жоболор банк эсебин тейлөө келишимине кошулат.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
6.5. Шайлоо фондунун каражаттарын чыгымдоо боюнча бардык финансылык операциялар шайлоо алдындагы күндөн алдыңкы күнү саат 18.00дө токтотулат.
6.6. Шайлоо фондунун каражаттарынан, көрсөтүлгөн фондго которулган кайрымдуулук берүүлөрүнөн, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддон чыгымдоолордон салык алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
7. Саясий партиялардын талапкерлеринин жарандар жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөрү
7.1. Талапкердин шайлоо өнөктүгү менен байланышкан белгилүү жумуштарды аткаруу жөнүндө (кызмат көрсөтүү жөнүндө) жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдер (макулдашуулар) талапкердин жеке өзү же болбосо анын ыйгарым укуктуу өкүлү, ал эми саясий партиялардын шайлоо өнөктүгү менен байланышкандар - саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү менен гана түзүлөт. Талапкердин, саясий партиялардын атайын эсептерине төлөөлөр боюнча келишимдер жана макулдашуулар добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнүнөн кеч түзүлүшү мүмкүн эмес. Бардык каржылык аткарымдар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүүлөр шайлоо күнүнүн алдыңкы күнү саат 18де токтотулат. Саясий партиялардын жана юридикалык жактардын ортосунда белгилүү жумуштарды (кызмат көрсөтүүнү) аткарганы үчүн эсептешүүлөр которуу жолу менен гана жүзөгө ашырылат.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
7.2. Жарандар жана юридикалык жактар тарабынан аткарылуучу акысы төлөнүүчү жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр жазуу жүзүндө жол-жоболонушу керек (келишим, эсеп-фактура, коштомо кагаздар, кабыл алуу-өткөрүү актысы). Келишимдер тараптардын маалым-даректерин, тапшырылган жумуштун көлөмү тууралуу маалыматтарды, анын наркын, жумуштардын түрлөрү боюнча бааларды (калькуляция, смета), төлөөнүн тартибин, жумуштарды аткаруу мөөнөттөрүн, тараптардын жоопкерчиликтерин жана башка маалыматтарды камтышы керек. Жарандарды жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө тартуу жөнүндө келишимдер Кыргыз Республикасынын жашы жеткен гана жарандары менен түзүлүшү мүмкүн. Жумаштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылышы тапшырыкчы (финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл) жана аткаруучу тарабынан кол коюлган аларды кабыл алуу актылары же коё берилген продукцияларга коштоочу документтер менен бышыкталышы керек.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
7.3. Жарандар жана юридикалык жактар шайлоо алдындагы үгүт материалдарын өндүрүүгө, жайгаштырууга жана таратууга байланыштуу тапшырыктарды түзүүдө, мезгилдүү басма сөз редакциясына, телерадиоберүү уюмуна, үгүт продукцияларын чыгарууну жүзөгө ашыруучу ишканаларга финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ушул жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) 6-форма боюнча аткарууга жана шайлоо фондунан аларга төлөп берүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугун көрсөтүшөт.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
7.4. Шайлоо фондунун каражаттарынан алдын ала төлөөсүз эфирдик убакытты берүүгө жана басылма үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат.
7.5. Мезгилдүү басма сөз басылмаларына жайгаштырылган бардык материалдарда тиешелүү басма материалдарына төлөөлөр кайсыл талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунан жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматтар жайгаштырылышы керек.
7.6. Жарандар жана юридикалык жактар шайлоо фонддору аркылуу гана финансылык (материалдык) колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Материалдык баалуулуктарды убактылуу пайдаланууга берүү жолу менен шайлоо алдындагы иштерге материалдык колдоо көрсөтүүнү жүзөгө ашыруу тийиштүү келишимдер түзүлгөн жана шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен төлөнүп берилген шарттарда гана мүмкүн.
7.7. Юридикалык жактарга, алардын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө, жеке жактарга шайлоолор менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларды сатып өткөрүүнү акысыз аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн баалар боюнча аткарууга тыюу салынат.
8. Шайлоо күрөөсү
8.1. Талапкер, шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партия каттоого чейин жана берилген документтерди текшерүүдөн кийин өз шайлоо фонддорунун каражаттарынан тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын атайын эсебине шайлоо күрөөсүн киргизет.
Шайлоо күрөөсү төмөндөгү өлчөмдө белгиленет:
1) Бишкек жана Ош шаардык кеңештери - мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсе өлчөмүндө;
2) шаардык кеңештерге (Бишкек жана Ош шаарларын алып салганда) мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтөн эки жүз эсе өлчөмүндө.
3) айылдык кеңештерге - мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он эсе өлчөмүндө
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
8.2. Талапкер, саясий партия шайлоо күрөөсүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан көрсөтүлгөн маалым-даректер боюнча төгөт.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
8.3. Шайлоо күрөөсү депутаттыкка талапкерлерге, депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга төмөнкүдөй учурларда кайра кайтарылып берилет:
1) шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнүн фондун түзүүнүн булактарын, ошондой эле жүргүзүлгөн бардык сарптоолорунун өлчөмү жөнүндө отчетту берген шартта, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15 пайыздан кем эмесинин добушун алса;
2) эгерде тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;
3) шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тартса.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
8.4. Күрөөнүн калган суммасы республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш. Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы жөнүндө, талапкерлерге жана саясий партияларга кайтарылган шайлоо күрөөлөрдүн суммасы жана республикалык бюджетке чегерилген сумма жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Отчеттуулук
9.1. Талапкерлер, саясий партиялар, аймактык шайлоо комиссиясына өзүнүн шайлоо фондунун көлөмү жана түзүүнүн бардык булактары, ошондой эле жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.
Отчет кагазда жана электрондук версияда (кол тамга жана мөөрү менен сканерленген көчүрмөсү) жана 7-форма боюнча электрондук сактагычта EXCEL форматында төмөнкүдөй тартипте берилет:
1) Биринчи финансылык отчет-аймактык шайлоо комиссиясына (шаардык кеңештердин шайлоолору боюнча) күрөөсү төгүлгөнүн бышыктоочу документтер, каттоо үчүн зарыл болгон башка документтер берилгендигин тастыктаганда.
2) Экинчи финансылык отчет (биринчи финансылык отчеттун маалыматтарын эске алуу менен) - добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калгандан кечиктирилбестен.
3) Үчүнчү жыйынтыктоочу финансылык отчет (жыйынды маалыматтар) - добуш берүү күнүнөн кийин 10 күндөн кечиктирилбестен. Отчеттогу маалыматтар отчет берилген датанын алдындагы 3 күндөн көп эмес датага түзүлөт. Жыйынтык отчетко төмөнкүлөр тиркелет:
- шайлоо фондунун каражаттарынын келип түшүү булактары жана чыгымдалышы тууралуу маалыматтар (7-формага 1, 2-маалыматтар);
- акча каражаттарынын атайын эсепке келип түшүүсүн жана бул каражаттардын чыгымдалуусун бышыктоочу, кагаз жүзүндөгү баштапкы финансылык документтер (эсеп-фактуралар, келишимдер, коштомо кагаздар, кабыл алуу-өткөрүү актылары, банктык көчүрмөлөр ж.б.).
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
9.2. Жыйынтыктоочу финансылык отчеттогу адепки финансылык документтер атайын эсептеринде финансылык операциялардын чагылдырылышына жараша хронологиялык ырааттуулукта берилиши керек. Мында негиз катары атайын шайлоо фондунан алынган жазма көчүрмөлөр алынат, аларга акча каражаттарын чегерүү же болбосо эсептен чыгаруу үчүн негиз катары кызмат кылган зарыл документтер тиркелет.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
9.3. Жыйынтыктоочу финансылык отчет китепчеленген түрдө берилүүсү, жана тиркемени кошуп алганда беттери бири-бирине уланып номурлануусу тийиш. Шайлоо комиссиясынын суроо-талабы боюнча маселелер пайда болсо талапкерлер, ыйгарым укуктуу өкүлдөр жыйынтыктоочу финансылык отчетко жазуу жүзүндө түшүндүрмө беришет.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
9.4. Финансылык отчетко (биринчи, экинчи, жыйынтыктоочу) талапкер жеке өзү жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт. Аймактык шайлоо комиссиясына жыйынтыктоочу финансылык отчетторду берүү кабыл алуу актылары менен жол-жоболоштурулат. Жыйынтыктоочу финансылык отчетту өткөргөнгө чейин калган бардык накталай каражаттар кайрымдуулук кылуучуларга кайтарылууга тийиш.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
9.5. Атайын эсепте турган, сарпталбаган акча каражаттарынын калганы добуш берүү күнүнөн кийин талапкерге, саясий партияга кайтарылып берилет.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
9.6. Талапкердин финансылык отчетун өткөрүү милдети жеке өзүнө, же болбосо финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө, саясий партияныкы - финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөт.
Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун финансылык отчетторун бербеген же жарыялабаган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Финансылык тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
10.1. Шайлоо фондунун каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин бузгандык, ушул Нускамада белгиленген отчеттуулуктарды өз убагында бербегендик жана финансылык отчеттордо камтылган маалыматтардын анык эместиги үчүн жоопкерчиликти талапкер, талапкердин, саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тартат.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
10.2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо, талапкер, саясий партия тарабынан шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайызынан ашуун, же болбосо талапкердин, саясий партиянын өзүнүн шайлоо фондунан чыгымдары талапкердин, саясий партиянын бардык чыгымдарынын белгиленген четки суммасынан 0,5 пайыздан ашуун акча каражаттарын пайдаланган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди, же талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгарууга укуктуу.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
10.3. Тартип бузуу фактысын аныктоо максатында шайлоо комиссиялары көмөктөшүү үчүн мамлекеттик бийлик органдарына, укук коргоо органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекемелерге, уюмдарга, ишканаларга кайрылууга укуктуу.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| № 1 форма |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо
|
| _______________________________________ |
|
| аймактык шайлоо комиссиясына |
|
| _______________________________________ |
|
| (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын аталышы, региондук (аймактык) бөлүмдөр) |
Атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн АРЫЗ
Шайлоо фондун түзүү үчүн ________________________________________________________________________ |
| ||
________________________________________________________________________________________________ (банк мекемесинин аталышы, юридикалык дареги) |
| ||
атайын эсеп ачууга документтерди жол-жоболоштурууга уруксат берүүнү суранабыз. Шайлоо фондунун акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдар: |
|
| |
_______________________________________________________________________________________________ (талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| ||
Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясий партиянын шайлоо фондунун акчалай каражаттарын түзүүнүн, келип түшүүсүн жана чыгымдалуусун эсепке алуунун тартиби жөнүндө" |
|
| |
_______________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын жетекчисинин фамилиясы, аты-жөнү региондук (аймактык) бөлүмдө) | ____________________ (кол тамга) |
|
|
|
|
М.О. |
|
|
|
|
|
_______________________________________________ (талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) | ____________________ (кол тамга) |
|
| "__" _________ 20__-ж. |
|
|
| № 2 форма |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо
|
| ____________________________________ (банк мекемесинин аталышы) |
Атайын шайлоо эсебин ачуу жөнүндө
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 8-пунктуна ылайык |
|
|
__________________________________________________________________________________________________ (аймактык шайлоо комиссиясынын аталышы) |
| |
Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо фондун түзүү үчүн атайын шайлоо эсебин ачууга уруксат берет. |
|
|
__________________________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын аталышы региондук (аймактык) бөлүмдөр) |
| |
Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдар: |
|
|
__________________________________________________________________________________________________ (талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| |
____________________________________________________ (аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн фамилиясы, аты-жөнү) | _____________________ (кол тамга |
|
|
|
|
М.О. | "__" ___________ 20__-ж. |
|
|
| № 3 форма |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо
|
| ____________________________________ аймактык шайлоо комиссиясына ____________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын аталышы региондук (аймактык) бөлүмдөр) |
Банк мекемесиндеги атайын эсептин реквизиттери тууралуу
Шайлоо алдындагы өнөктөрдү жүргүзүү үчүн
______________________________________________________________________________________________ (банк мекемесинин аталышы)
№ ____________________________________________________ атайын шайлоо эсеби ачылганын билдирет.
________________________________________________ |
| ____________________ |
(талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамга) |
|
| "__" _____________ 20__-ж. |
|
| № 4 форма |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо
Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна акча каражаттарынын келип түшүүсү жана ЧЫГЫМДАЛЫШЫ
________________________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын аталышы региондук (аймактык) бөлүмдөр)
_______________________________________________________________________________ (шайлоо эсебинин маалымат-даректери)
1. Шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар
Каражаттын эсепке которулган датасы | Келип түшүү булагы | Финансылык эсептин сабынын шифри | Келип түшкөн каражаттардын суммасы (сом) | Каражаттын түшкөнүн бышыктаган документ | Белгиленген тартипти бузуу менен келип түшкөн жана кайтарылууга жаткан каражаттар |
| |||||
Баары |
2. Шайлоо фондунун каражаттарынан кайрылып берилди, бюджетке чегерилди
Каражаттын эсепке чегерилген күнү | Эсептен каражаттарды кайтарып берүү (которуу) датасы | Каражаттардын келип түшкөн булагы | Финансылык эсептин сабынын шифри | Кайрылган, бюджетке которулган каражаттар (сомдо) | Кайтаруунун (которуунун) негизи | Каражаттардын чыгымдалганын бышыктоочу документ |
| ||||||
Баары |
3. Шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдалды
Чыгымдалган операциянын датасы | Каражат кимге которулган | Финансылык эсептин сабынын шифри | Суммасы (сом менен) | Чыгымдын түрлөрү | Чыгымды бышыктоочу документ | Акча каражаттарын которуу үчүн негиз | Фондго которулган каражаттардан жаңылыш которулган, пайдаланылбаган сумма | Иш жүзүндө чыгымдалган каражаттардын суммасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Баары |
|
|
|
|
|
|
|
|
________________________________________________ |
| ____________________ |
(талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамга) |
|
| "__" _____________ 20__-ж. |
№ 5 форма |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо
Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун атайын эсебинде турган акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө МААЛЫМАТТАР
(банк мекемелери аркылуу берилет) _______________________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын аталышы региондук (аймактык) бөлүмдөр)
_________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________ (атайын шайлоо эсебинин маалымат-даректери)
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 18-мартындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
20__-жылдын "__" __________ тартып 20__-жылдын "__" __________ чейинки мезгилде келип түшкөн каражаттар.
Каражаттын эсептешүү эсебине чегерилген датасы | Келип түшүү булагы (жеке адамдын фамилиясы же уюмдун аталышы) | Каражатты которууну жүзөгө ашырган уюмду же жеке адамды идентификациялоочу маалымат-даректер | Сумма, сом | Келип түшүүлөрдүн түрү | Каражаттын келип түшкөнүн бышыктоочу документ | Маалыматтарды жарыялоого салуучунун макулдугунун болушу (бар/жок) |
| ||||||
Баары |
| |||||
20__-жылдын "__" __________ тартып 20__-жылдын "__" __________ чейинки мезгилде иштетилген каражаттар.
Эсеп жүргүзүүчү эсептен чыгымдоо операциясынын датасы | Алуучу (юридикалык жактын аталышы/ жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү) | Төлөмдүн багытталышы | Сумма, сом | Чыгымдоонун түрү | Каражатты чыгымдоону тастыктаган документ | Маалыматтарды жарыялоого салуучунун макулдугунун болушу (бар/жок) |
Баары |
| |||||
_________________________________________________ |
| ____________________ |
(банктын башкармасынын фамилиясы, аты-жөнү, кызмат орду) |
| (кол тамга) |
|
| "__" ______________ 20__-ж. |
|
| № 5 А Формасы |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялоо үчүн талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун атайын эсебинде болгон акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө МААЛЫМАТ
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 18-мартындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
20__-жылдын "___" _______________ тартып 20__-жылдын "___" ___________________ мезгили ичинде түшкөн каражаттар
Алыш-бериш эсебине түшкөн каражаттарды чегерүү датасы | Келип түшүү булагы (юридикалык жактын аталышы/жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү) | Сумма, сом |
| ||
| ||
Жалпысы | ||
20__-жылдын "___" _______________ тартып 20__-жылдын "___" ___________________ мезгили ичинде чыгымдалган каражаттар
Алыш-бериш эсебин чыгымдоо операциясынын датасы | Алуучу (юридикалык жактын аталышы/жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү) | Төлөм багыты | Сумма, сом |
| |||
| |||
| |||
Жалпысы | |||
|
| № 6 форма |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо
Талапкердин, саясий партиянын макулдугунун БЫШЫКТАМАСЫ
_____________________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/региондук (аймактык) бөлүмүнүн аталышы)
____________________________________________________________________________________________ (талапкердин же финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн фамилиясы, аты-жөнү)
____________________________________________________________________________________________ (атайын шайлоо эсебинин маалымат-даректери)
20__-жылдын "__" _____________ № _______________ келишимине ылайык төмөнкү жумуштарды аткарууга (товарларды сатып алууга, кызмат көрсөтүү), ошондой эле басылма үгүт материалдарын таратууга макулдук берет
____________________________________________________________________________________________ (жарандын фамилиясы, аты-жөнү, уюмдун аталышы)
________________________________________________ |
| ____________________ |
(талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамга) |
|
| "__" _____________ 20__-ж. |
|
| № 7 форма |
ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТ _________________________________________________________________________ биринчи, экинчи, жыйынтыктоочу (бириктирилген маалымдоолор)
Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы 20__-жылдын "__" ___________ тартып 20__-жылдын "__" ___________ чейинки мезгилде ____________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/региондук (аймактык) бөлүмүнүн аталышы) ___________________________________________________________________________ (атайын шайлоо эсебинин маалымат-даректери)
№ к/н | Каражаттын келип түшкөн булагы жана чыгымдардын түрлөрү | Саптын коду | Сумма, сом | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 | Отчеттук мезгилдин башталышындагы калдыктар | 010 | ||
2 | Шайлоо фондуна келип түшкөн каражат, анын ичинде баары: | 020 | ||
баары: | ||||
2.1 | Белгиленген тартипте келип түшкөнү, анын ичинде | 030 | ||
2.1.1 | Талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өздүк каражаты | 040 | ||
2.1.2 | Саясий партиянын өздүк каражаты | 050 | ||
2.1.3 | Юридикалык жактын ыктыярдуу кайрымдуулук жардамы | 060 | ||
2.1.4 | Жеке жактын ыктыярдуу кайрымдуулук жардамы | 070 | ||
2.2 | "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 15-беренесинин 4, 5-пункттарын бузуу менен келип түшкөндөр, анын ичинде: | 080 | ||
2.2.1 | Юридикалык жактардан | 090 | ||
2.2.2 | Жеке жактардан | 100 | ||
2.3 | Келип түшкөн суммалардын шайлоо күрөөсү катары кайтарылгандар | 105 | ||
2.4 | Мыйзамдарда тыюу салынбаган башка келип түшүүлөр | 110 | ||
3 | Кайтарылган акча каражаттары, анын ичинде | 120 | ||
баары | ||||
3.1 | Республикалык бюджеттин кирешесине чегерилгендер | 130 | ||
3.2 | Кайрымдуулук жардам бергендерге кайтарылганы, анын ичинде | 140 | ||
баары | ||||
3.2.1 | Кайрымдуулук жардам берүүгө тыюу салынган юридикалык жакка же болбосо төлөм документтеринде милдеттүү маалыматтарды көрсөтпөгөндөргө | 150 | ||
3.2.2 | Кайрымдуулук жардам берүүгө тыюу салынган жеке жакка же болбосо төлөм документтеринде милдеттүү маалыматтарды көрсөтпөгөндөргө | 160 | ||
3.3 | Кайрымдуулук жардам берүүнүн чектик өлчөмүнөн ашкан каражаттар | 170 | ||
4 | Шайлоо фондусунан чыгымдалган каражаттар, анын ичинде | 180 | ||
баары | ||||
4.1 | Шайлоо алдындагы үгүт иштерине багытталган уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыз кылуу, анын ичинде | 190 | ||
баары | ||||
4.1.1 | Телерадио уктуруу уюмдары аркылуу шайлоо алдындагы үгүттөргө | 200 | ||
4.1.2 | Мезгилдүү басма сөз редакциялары аркылуу шайлоо алдындагы үгүттөргө | 210 | ||
4.2 | Шайлоо күрөөсүн төлөөгө | 220 | ||
4.3 | Шайлоо кампанияларын өткөрүүгө түздөн түз байланышкан иштерди аткарууга, кызмат көрсөтүүгө акы төлөөлөр, анын ичинде баары | 230 | ||
4.3.1 | Маалыматтык жана консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүгө | 240 | ||
4.3.2 | Үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга, анын ичинде | 250 | ||
баары | ||||
4.3.2.1 | Көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн үгүт материалдарын чыгарууга (1 пайыздан кем эмес) | 260 | ||
4.3.3 | Орун-жайларды, жабдууларды ижарага алуу | 270 | ||
4.3.4 | Транспорттук жана иш сапарлары үчүн чыгымдарга төлөп берүү | 280 | ||
4.3.5 | Байланыш кызматтары | 290 | ||
4.3.6 | Кеңсе товарларын, жабдууларын сатып алуу | 300 | ||
4.3.7 | Кулактандырууларды жарыялоо жана жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкерлердин чыгып сүйлөөлөрү | 310 | ||
4.3.8 | Шайлоо алдындагы чогулуштарды өткөрүү, шайлоочулар менен жолугушуу | 320 | ||
4.3.9 | Товарларды берип туруу | 330 | ||
4.4 | Шайлоо алдындагы кампанияларга түздөн түз байланышкан башка чыгымдарга төлөө | 340 | ||
Анын ичинде | ||||
4.4.1 | Салыктык чегерүүлөр жана социалдык милдеттенмелер | 360 | ||
4.4.2 | Мыйзамдарда тыюу салынбаган башка чыгымдар | 370 | ||
5 | Отчеттук мезгилдин соңундагы калдык | 380 |
Ушул финансылык отчетто көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын бышыктаймын, шайлоо фондунан тышкары шайлоо өнөктүгүн уюштурууга жана өткөрүүгө башка акча каражаттары тартылган эмес.
_______________________________________________ |
| ____________________ |
(талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/региондук (аймактык) бөлүмүнүн аталышы) |
| (кол тамга) |
|
|
|
М.О. |
|
|
|
|
|
_______________________________________________ |
| ____________________ |
(финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамга) |
|
| "__" ______________ 20__-ж. |
|
| № 7 формага 1-маалымат |
"__" ____________ 20__-жылдан "__" ____________ 20__-жылдын аралыгында талапкердин/саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн кайрымдуулук жардамдар жөнүндө МААЛЫМАТ ______________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/региондук (аймактык) бөлүмүнүн аталышы)
№ к/н | Юридикалык жактын толук аталышы | ИНН/ жайгашкан жеринин дареги | Келип түшкөн кайрымдуулук жардамдарынын суммасы | |
баары, сом | алардын ичинде: "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Мыйзамынын 15-беренесинин 4, 5-пункттарын бузуу менен, сом | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
БААРЫ |
|
| ||
№ к/н | Жеке жактын фамилия, аты-жөнү | ИНН/ жайгашкан жеринин дареги | Келип түшкөн кайрымдуулук жардамдарынын суммасы | |
баары, сом | алардын ичинде: "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Мыйзамынын 15-беренесинин 4, 5-пункттарын бузуу менен, сом | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 | ||||
2 | ||||
3 | ||||
4 | ||||
БААРЫ | ||||
Талапкердин/саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн кайрымдуулук жардамдар жөнүндө ушул маалыматта көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын тастыктаймын, шайлоо фондуна тышкары шайлоо кампаниясын уюштурууга жана өткөрүүгө башка акча каражаттары тартылган эмес.
_____________________________________________________ |
| ____________________ |
(талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамгасы) |
|
| "__" ______________ 20__-ж. |
|
| № 7 формага 2-маалымат |
"__" _____________ 20__-жылдан "__" _____________ 20__-жылдын аралыгында "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Мыйзамынын беренелерин бузуу менен келип түшкөн юридикалык жана жеке жактардын кайрымдуулук жардамдарын кайтаруу жөнүндө МААЛЫМАТ _______________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/региондук (аймактык) бөлүмүнүн аталышы)
№ к/н | Акча каражаттарынын, башка мүлктүн келип түшкөн датасы | Юридикалык жактын толук аталышы (Жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү) | ИНН/ Юридикалык жактын дареги/ Жеке жактын дареги | Кайтарып берүүнүн негиздери* | Кайтарып берилген дата (республикалык бюджетин кирешесине чегерүү) | Кайрымдуулук жардамдарын бергендерге кайра кайтаруу, сом | Республикалык бюджетин кирешесине чегерүү, сом |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
| |||||||
| |||||||
| |||||||
Баары | |||||||
(*) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Мыйзамынын тийиштүү беренелери, пункттары, пунктчалары көрсөтүлөт, ага ылайык кайрымдуулук жардамдарын кайтаруу жүргүзүлөт.
Юридикалык жана жеке жактар тарабынан талапкердин/саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарын чыгымдоо боюнча финансылык операцияларды ЧЕЧМЕЛӨӨ
№ к/н | Операциялар аяктаган дата | Юридикалык жактын толук аталышы (Жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү) | ИНН | Финансылык отчеттун сабынын коду | Операциянын мазмуну | Сумма, сом |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
| ||||||
| ||||||
| ||||||
Баары | ||||||
Талапкердин/саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарын кайтарып берүү жана чыгымдоо жөнүндө ушул маалыматта көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын тастыктаймын, шайлоо фондуна тышкары шайлоо кампаниясын уюштурууга жана өткөрүүгө башка акча каражаттары тартылган эмес.
_______________________________________________________ |
| _____________________ |
(талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамгасы) |
|
| "___" ______________ 20__-ж. |
|
| № 8 форма |
|
|
|
|
| бет жагы |
Кол тамганын үлгүсү менен КАРТОЧКА
Атайын эсептин ээси
_______________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/региондук (аймактык) бөлүмүнүн аталышы)
_______________________________________________________________________________________________ (жетекчинин фамилиясы, аты-жөнү)
_______________________________________________________________________________________________ (орун алган жери, байланыш маалыматтары)
_______________________________________________________________________________________________ Банк мекемесинин аталышы
_______________________________________________________________________________________________ Банк мекемесинин орун алган жери
Кол тамгалардын үлгүлөрүн пайдаланууга уруксат
Башкы бухгалтер (же анын орун басары) | _________________________________ |
|
| (кол тамгасы) |
|
| "__" ______________ 20___-ж. |
|
Кол тамгалардын үлгүлөрүн билдиребиз, аларды эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө милдеттүү деп эсептөөнү өтүнөбүз.
|
| арткы жагы |
Атайын эсептин ээси ______________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________ (талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/региондук (аймактык) бөлүмүнүн толук аталышы)
Эсептин № _____________________________________________________________________________________ (атайын эсептин номери)
_________________________________________________ |
| ________________________ |
(талапкердин, талапкердин/саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамгасынын үлгүсү) |
|
|
|
|
| "__" _____________ 20__-ж. |
|
|
|
_________________________________________________ |
| ________________________ |
(талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, саясий партиянын/ региондук (аймактык) бөлүмүнүн жетекчисинин фамилиясы, аты-жөнү) |
| (кол тамгасы) |
|
|
|
М.О. |
|
|