Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-марты № 75
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 154 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө" нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 154 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө" нускамага төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) № 5 форма төмөнкү редакциядагы жетинчи графа менен толукталсын:
"Маалыматтарды жарыялоого салуучунун макулдугунун болушу (бар/жок)";
2) Нускама ушул токтомдун тиркемесине ылайык № 5А формасы менен толукталсын.
2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
№ 5 А Формасы |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялоо үчүн талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун атайын эсебинде болгон акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө МААЛЫМАТ
20__-жылдын "___" _______________ тартып 20__-жылдын "___" ___________________ мезгили ичинде түшкөн каражаттар
Алыш-бериш эсебине түшкөн каражаттарды чегерүү датасы | Келип түшүү булагы (юридикалык жактын аталышы/жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү) | Сумма, сом |
|
|
|
|
|
|
Жалпысы |
| |
|
| |
20__-жылдын "___" _______________ тартып 20__-жылдын "___" ___________________ мезгили ичинде чыгымдалган каражаттар
Алыш-бериш эсебин чыгымдоо операциясынын датасы | Алуучу (юридикалык жактын аталышы/жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү) | Төлөм багыты | Сумма, сом |
|
|
|
|
Жалпысы |
| ||