Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 1-ноябрындагы N 129 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-июлу № 150
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Шайлоочулардын тизмесин тактоо жана шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алынуучу шайлоочулардын арыздарынын формаларынын редакциясын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14, 15-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жобонун 5-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Жобонун 6-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом "Эркин-Тоо" газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Шайлдабекова |