Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну №3
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат суу канал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун 2019-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат суу канал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун 2019-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат суу канал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун 2019-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын. (Отчету тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: А.Гафаров
Ноокат шаардык кеңешинин 2020-жылдын
16-июнундагы V чакырылыш №XXXIV
Сессиясынын №XXXIV -3 токтомуна №1 тиркеме:
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы «Ноокат Суу-канал» Муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдун 2019-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.
Урматтуу депутаттар !
Урматтуу төрага !
"Ноокат Суу-канал" Муниципалдык ишканасы Ноокат шаарын Таза-суу менен камсыз кылат (Барын участкасынын тышкары) Азыркы күндө шаардын биздин ишкана тейлеген аймагында суу менен камсыз болгон төмөндөгүдөй:
Таштак кварталында суу тутумдарын узундугу 9,9 км көчөдөгү суу колонкалардын саны 14 даана, үй-короонун саны 803, короосунун ичинде суусу бар үйдүн саны-584.
Көп кабаттуу үйлөрдүн алдында колонкалар бар квартал Кыргыз Респбликасынын Санитардык норма жана эрежелерине ылайык толугу менен 100% суу менен камсыз болгон.
Бостон кварталы суу тутумдарын узундугу 9,5 км. Көчөдөгү суу колонкалардын саны 13 даана, үй-короонун саны 573, короосунун ичинде суусу бар үйдүн саны-315. Жалпысынан квартал боюнча 518 кожолук ичүүчү суу менен камсыз болгон. Квартал Кыргыз Республикасынын Санитардык норма жана эрежелерине ылайык толугу менен 90,4% суу менен камсыз болгон. Азыркы күндө Бостон кварталдын Жаштык-1, Умиров-1, Умиров-2, Умиров-3, Абдулхакимов, Абдуллаев жана Холдаров көчөлөрүндө ичүүчү суу нормаларга ылайык камсыз болгон эмес.
Кара-Турпак кварталы суу тутумдарын узундугу 7,6 км, көчөдөгү суу колонкалардын саны 21 даана, үй-короонун саны 568, короосунун ичинде суусу бар үйдүн саны-292.жалпысынан квартал боюнча 499 кожолук ичүүчү суу менен камсыл болгон квартал Кыргыз Респбликасынын Санитардык норма жана эрежелерине ылайык толугу менен 87,9 % суу менен камсыз болгон. Азыркы күндө аталган кварталдын Крупская жана Т.Кадырбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө суу жок.
Барын кварталын биздин ишкана тейлебейт. Ошондуктан квартал боюнча маалымат жок.
Ошондой эле биздин ишкана шаардын коңушулаш айыл өкмөттөрдүн дагы шаарга чегаралаш калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыз кылат.
Алар төмөнкүлөр:
Гулистан айылдык аймагынын (Коен-талаа, Вахим, Бостон) участкалырын; Мирмахмудов айылдык аймагын (Абдувахидов, Жумабай-Палван, Каратаев-1, Аскаров, Мамадиев, Горький, Гафур-Гулам көчөлөрүн);
Караташ айыл аймагынын Акбар-Каары, С.Калбеков жана М.Эргешов атындагы көчөлөрүн таза-суу менен камсыз кылат.
2019-жыл ичинде калкты үзгүлтүксүз жана санитардык нормаларга ылайык ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн (ичүү сууну залалдансыздандыруу, суу магистралдарыны жана сууну бөлүштүрүү тутумдарды оңдоп түзөө жумуштарына) жалпысы болуп 830 236 сом каражат сарпталган. Ноокат шаарынын калкын толугу менен ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында Х.Халбаев атындагы көчөсүнө 1 100 метр, Т.Умиров атындагы көчөсүнө 700 метр, Крупская атындагы көчөсүнө 250 метр жана Гафур-Гулям көчөсүнө 170 метр, жалпы узундугу 2 220 метр жаңы суу түтүктөрү курулушу пландаштырылып, 914 608 сомдук материал мэрия тарабынан сатып алып берилген. Ал эми ишканабыз тарабынан 48 958 сомдук кошумча каражат сарпталып, жалпысы болуп 945 086 сомдук жалпы узундугу 2 050 метр жаңы суу түтүктөр курулду жана аталган көчөнүн бардык тургундарынын ичүүчү системасына уланууга шарт түзүлдү. Ал эми Гафур-Гулам көчөсүнө 170 метр суу түтүктөрү курууга улгурбой калганбыз. Азыр 18 480 сомдук материалдар биздин складыбызда турат.
Ошондой эле сууну үнөмдөө жана системада тиешелүү басымды камсыздоо үчүн 2019 жылда 153 корого суу эсептегич абоненттердин эсебинен орнотулду.
«Ноокат Суу-канал» ишканасы жергиликтүү бюджеттен каржыланбайт жана толугу менен өзүнү өзү камсыз кылган ишкана.
Ишкананын 2019-жылга киреше булактарын төмөндөгү категориядыга абоненттер түзөт. (пайыздык көрсөткүчтөр)
Калк-59,8%
Бюджеттик мекемелер-19,1 %
Комерциялык ишканалар-19,5 %
Башка кошумча кирешелер (техникалык шарттарды даярдоо, борбордук суу түтүктөрүнө улануу)-1,6 %
Суммалык көрсөткучтөр:
Жалпы кирешелер-5 334 978 сом.
Анын ичинен :
Калк-3 188 932 сом.
Бюджеттик мекемелер-1 018 821 сом.
Комерциялык ишканалар-1 040 421 сом.
Башка кошумча кирешелер -86 804 сом.
Жалпы чыгашалар:-5 308 506 сом.
Анын ичинен:
Эмгек акы -2 091 269 сом.
Социалдык камсыздоого чегерүүлөр-349 272сом.
Чийки заттар жана материалдар-306 252сом.
Күйүчүү майлар-271 315 сом.
Электроэнергия-21 739 сом.
Административдик чыгымдар-587 558 сом.
Амортизация-708 942 сом.
Цехтик чыгымдар-230 930 сом.
Жалпы чарбалык чыгымдар-0
Өндүрүштөн тышкаркы чыгымдар-741 229 сом.
Пайда-26 472 сом.
Дебитордук карыздар: Жалпысы: 3 063 915 сом. (анын ичинен):
Калк-2 830 972 сом
Бюджеттик мекемелер-50 513 сом
Комерциялык ишканалар-182 430 сом
Кредитордук карыз: Жалпысы: 44 956 анын ичинен:
Салыктан-14 469 сом
Соц Фондтон-29 767 сом
Башка кредиторлор-720 сом
Тарифтер жөнүндө маалымат
Тарифтер Ноокат шаардык кеңешинин чечими менен бекитилген жана Ош областык монополияга каршы жөнгө салуу комитети менен макулдашылган.
Суунун баасы 1 куб.метр үчүн салыктарды эске албаганда:
Калкка - 14 сом 00 тн.
Бюджеттик мекемелерге -14 сом 00 тн.
Комерциялык ишканаларга -28 сом 00 тн.
Сууну көчөдөн ташып ичкен абоненттерге 1 айлык төлөм 1 адам үчүн суунун баасы-16 сом-13 тн.
Короосунун ичинде суусу бар абоненттерге 1 айлык төлөм 1 адам үчүн суунун баасы-27 сом 63 тн.
Суу эсептегичи бар абоненттерге 1 метр куб суунун баасы 15 сом 12 тн.
“Ноокат Суу-канал”
Муниципалдык ишканасынын директору: З.Камалов