Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-октябры № 3281-VI
"2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 28-июнундагы № 332 токтому) "2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |