Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 3245-VI
2018-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ар жылдык баяндамасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 133-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 2018-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ар жылдык баяндамасын угуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун (мындан ары - Улуттук борбор) ар жылдык баяндамасы эске алынсын.
2. Баяндаманын жыйынтыктары боюнча Улуттук борборунун сунуштамаларын төмөнкүдөй мамлекеттик органдар тарабынан каралышы үчүн жөнөтүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин компетенциясын таанууга тиешелүү болгон БУУнун Кыйноолорго каршы Конвенциясынын 22-беренесинин кыйноолордун курмандыктары болгон же ырайымсыз мамилелер жасалган адамдардын даттанууларын кабыл алуу укуктарын ишке ашыруу жөнүндө маселени карасын;
- Баткен, Нарын жана Талас областтарынын аймактык өкүлчүлүктөрүндө Улуттук борборунун иши үчүн кошумча штаттык бирдиктерди карасын;
- Улуттук борбор менен биргеликте Улуттук борбордун ишине кийлигишкендиги жана тоскоолдук келтиргендиги үчүн жоопкерчиликтер жаатындагы көйгөйлөрдү жана коллизияларды табуу максатында жаңы мыйзамдарга (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) талдоо жүргүзсүн ("Сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган, 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды колдонууга киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жасалган иштер жөнүндө" Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 23-январындагы № 2840-VI токтомун аткаруунун алкагында);
- адам укуктарын бузуунун тутумдуу себептерин четтетүүгө багытталган ички иштер органдарын реформалоонун алкактарындагы иш-чараларды аяктасын;
- кармалгандардын шарттарын жакшыртуу максатында жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин ишин толук көлөмүндө каржылоону камсыз кылсын;
- кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча иштердин жана ИИМдин, ЖАМКнын, УКМКнын жана башкалардын мекемелеринин ведомстволук медициналык кызматтары тарабынан жазалоолорду натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык колдонмонун колдонулушун тикелей контролдоону камсыз кылсын;
- параллелдүү медициналык кызматтарды Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына этап-этабы менен которуу боюнча иштерди улантсын;
- Талас, Баткен жана Нарын областтарында тергөө изаляторлорун куруу үчүн каражаттарды тапсын;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскер түзүлүштөрүнүн бюджетин мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынын тамактануусуна бөлүнгөн акчалай үлүштүн өлчөмүн көбөйтүү жагына кайра карасын;
- эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген жерлердеги медициналык бөлүктөргө заманбап медициналык жабдууларды сатып берүү үчүн каражаттарды тапсын;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин катчылыгы:
- Кыргыз Республикасына карата чыгарылган адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштарын жана атайын жол-жоболордун ишке ашырылышын контролдоону күчөтсүн (БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин, БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин, БУУнун Баланын укуктары боюнча комитетинин, Кыйноолордун алдын алуу боюнча Кичи комитеттин, Кыйноолор маселелери боюнча атайын баяндамачынын, Ден соолук укугу боюнча атайын баяндамачынын жана башкалардын сунуштары);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу АУККнын кыйноолорду жана ырайымсыз мамиле жасоолорду алдын алуу маселелери боюнча ар жылдык Иш планын аткаруу жаатында тутумдуу мониторингди жүргүзсүн;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту:
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 305 жана 305-1-беренелери боюнча иштердин аталган категориялары боюнча чогултулган далилдерди туура баалоо жаатында жазык иштерин кароо мөөнөттөрүнүн сакталышына контролду күчөтсүн;
- 2015-жылдан тартып 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгына чейинки мезгилде кыйноолор жөнүндө иштер боюнча сот практикаларын жалпылоонун жыйынтыктары боюнча процесстик мөөнөттөрдүн жана башка мыйзамдардын ченемдеринин бузулушуна күнөөлүү судьяларды жоопкерчиликке тартуу үчүн чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 305-1-беренеси боюнча судьялар тарабынан чыгарылган актоо өкүмдөрү боюнча, ошондой эле жазык иштерин токтотуу жөнүндө соттук актылар боюнча жана төмөн турган соттордун чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө жазык иштеринин аталган категориялары боюнча жаңыдан кароого жөнөтүү менен талдоо жүргүзсүн. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунда талдоонун натыйжаларын карасын;
- Кыргыз Республикасына карата БУУнун Адам укуктары боюнча комитети чыгарган билдирүүлөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 384-беренесинин 2-1-бөлүгүнүн 3-пунктунун тартибинде жазык иштерин кайра кароо боюнча соттук практиканы жалпыласын;
- кыйноолордон жабыр тарткандарга компенсацияларды төлөө жөнүндө талаш-тартыштарды чечүүдөгү соттук практиканы жалпыласын жана соттук практиканы жалпылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомун кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 305 жана 305-1-беренелери боюнча жазык иштерин кароо жаатындагы соттук практикалардын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун жыйналыштарын дайыма өткөрүп турууну камсыз кылсын;
4) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- изин суутпай издөө иштери, укук коргоо органдарынын тергөө иштери, ошондой эле кармоо учурунда жана адамдардын эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген жерлерде кармоо мезгилиндеги укуктарын сактоо үчүн натыйжалуу көзөмөлдү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн мекемелеринде мыйзамдуулуктун сакталышы, анын ичинде уставдык эмес мамилелерди алдын алуу, боюнча иштерди көзөмөлдөө боюнча иштерди күчөтсүн;
- Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттерин тартуу менен аскер кызматчысынын жаракат алуу же каза болгон ар бир фактысын Стамбул протоколунун принциптерине ылайык кылдат териштирүүнү жүргүзсүн;
- колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине ылайык негизделген чечимдерди чыгаруу менен Улуттук борбордун ишине тоскоолдук келтирүүнүн ар бир фактысын кылдат териштирсин;
5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы:
- Улуттук борбордун ишине тоскоолдук кылуу практикасын жокко чыгарсын;
- саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн бардык мекемелеринде медициналык жабдууларга жана медициналык материалдарга керектөөлөрдү баалоону жүргүзсүн;
- аларда кармоо шарттары кыйноого теңештирилген гауптвахтанын бир кишилик камераларынын иштешин токтотсун;
- өлүмдүн болжолдуу себебине карабастан тез мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын өлүмүнүн ар бир фактысы жөнүндө Улуттук борборго токтоосуз маалымдасын;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 305 жана 305-1-беренелери боюнча жазык иштерин тергөөлөрдү аяктоо жана жазык иштерин сотко жөнөтүү жаатында ар тараптуу жана толук чараларды жазык-процесстик мыйзамдардын алкагында көрсүн жана тергөөнүн мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышына контролду күчөтсүн;
- Стамбул протоколунун жана Кыйноолорду жана ырайымсыз мамиле жасоолорду натыйжалуу документтештирүү боюнча практикалык колдонмонун принциптерин УКМКнын медициналык кызматтарынын ишине киргизүү боюнча Иш чаралар планын иштеп чыксын;
- өлүмдүн болжолдонгон себебине карабастан УКМКнын УКИсинде/СИЗОсунда кармалган адамдардын өлүмүнүн ар бир фактысы жөнүндө Улуттук борборго токтоосуз маалымдасын;
7) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- кылмыштардын бетин ачуу ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишине пайызына негизделген баа берүү практикасын болтурбасын;
- адамдын укуктарынын жана эркиндигинин эл аралык жана улуттук стандарттарынын, атап айтканда кыйноолордон жана ырайымсыз мамиле жасоолордон эркин болуу укугунун кыйшаюусуз сакталышын камсыз кылсын;
- тергөө жүргүзүү үчүн камакка алынган жана убактылуу кармоо изоляторлорунда адамдарды кармоо мөөнөттөрүн бузуунун мыйзамсыз практикасын болтурбасын;
- Стамбул протоколунун жана Кыйноолорду жана ырайымсыз мамиле жасоолорду натыйжалуу документтештирүү боюнча практикалык колдонмонун принциптерин ИИМдин медициналык кызматтарынын ишине киргизүү боюнча Иш чаралар планын иштеп чыксын;
- УКИлерге адамдарды алгачкы жолу алып кирүүдө, ошондой эле анын чектеринен ар бир жолу алып чыгууда жана кайра киргизүүдө милдеттүү медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү тууралуу процесстик талаптардын аткарылышын контролдоону күчөтсүн;
- убактылуу кармоо изоляторлорунда санитардык ченемдердин сакталышын контролдоону күчөтсүн, мында аларды бузгандыгы үчүн күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартсын;
- Кыргыз Республикасынын ИИМнин 2017-жылдын 16-мартындагы № 226 буйругу менен бекитилген Көрмө-байкоо жөнүндөгү жобонун бардык талаптарын кыйшаюусуз сактоо менен убактылуу кармоо изоляторлорундагы көрмө байкоо тутумунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылсын;
- ИИМдин кызматкерлери тарабынан кыйноолорду колдонуу практикасын жоюу максатында алардын кесиптик билим деңгээлин, анын ичинде адам укуктары жана эркиндиги чөйрөсүндөгү билимин туруктуу жогорулатсын;
- ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасоолор жөнүндө арыздар боюнча тергөөлөрдүн натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарына туруктуу негизде жарыялоону камсыздасын;
- өлүмдүн болжолдонгон себептерине карабастан ИИБда, УКИлерда кармалган адамдардын өлүмүнүн ар бир фактысы жөнүндө Улуттук борборго токтоосуз маалымдасын;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- Улуттук борбордун ишине кийлигишүү жана тоскоолдук келтирүү практикасын, анын ичинде мекеменин коопсуздугун жана күзөтүн камсыз кылган объектилерге кирбеген объектилерди фото-сүрөткө тартып алууларды жүргүзүүнү тыюуну, ошондой эле ЖАМКнын мекемелерине превентивдүү барууларын жүргүзүүдө Улуттук борбордун кызматкерлеринин буюмдарын текшерүүлөрдү жокко чыгарсын;
- Стамбул протоколунун жана Кыйноолорду жана ырайымсыз мамиле жасоолорду натыйжалуу документтештирүү боюнча практикалык колдонмонун принциптерин ЖАМК медициналык кызматтарынын ишине киргизүү боюнча иш- чараларды улантсын;
- тергөө изоляторлорунун жана түзөтүү колонияларынын жертөлө бөлмөлөрүндө жайгашкан камералардын иштөөсүн токтотсун;
- өлүмдүн болжолдонгон себептерине карабастан ЖАМКнын СИЗОсунда кармалган адамдардын өлүмүнүн ар бир фактысы жөнүндө Улуттук борборго токтоосуз маалымдасын;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдериндеги медициналык кызматкерлер тарабынан медициналык кароонун формаларын сапаттуу толтурууну кошуп алганда, зордук-зомбулукка, кыйноолорго жана ырайымсыз мамиле жасоолорго даттануу менен келип түшкөн кайрылууларды натыйжалуу документтештирүү жаатында Практикалык колдонмонун жоболорунун аткарылышынын мониторингин туруктуу негизде жүргүзсүн;
- эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген жерлерде медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү жана медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишине катышып турсун;
10) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- саламаттык сактоо тутумунун медициналык кызматкерлеринин жана параллелдүү медициналык кызматтардын практикасына Стамбул протоколунун принциптерин киргизүү боюнча иш-чараларды улантсын;
- Стамбул протоколуна жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2015-жылдын 7-декабрындагы № 680 буйругу менен бекитилген Практикалык колдонмого толук ылайык медициналык кароолорду жана күбөлөндүрүүлөрдү жүргүзүүгө контролду күчөтсүн;
- кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасоолор фактылары боюнча соттук-медициналык жана соттук психологиялык-психиатриялык экспертизалардын корутундуларын берүүнүн сапатына жана мөөнөттөрүнө контролду күчөтсүн;
- дары-дармек каражаттарынын жетиштүү санын жөнөтүүгө жана медициналык кызматтарды көрсөтүүгө көмөктөшүү максатында бардык жабык мекемелердин керектөөлөрүнө жалпы улуттук баа берүүнү жүргүзсүн;
- кармалгандардын шарттарынын сапаттуу мониторингин жүргүзүү, саламаттык сактоонун улуттук реформасынын алкагында базалык медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жана медикаменттерге жеткиликтүүлүк үчүн медициналык стандарттарды бир түргө келтирсин;
- параллелдүү медициналык кызматтарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өткөрүп берүү маселесин координациялоо боюнча иштерди улантсын;
- мажбурлап дарылоого жөнөтүлгөн адамдарды жана сот тарабынан соттук экспертизаны жүргүзүү дайындалган адамдарды психиатриялык мекемелерде өз-өзүнчө жайгаштыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча иштерди улантсын;
- бардык убактылуу кармоо изоляторлорунун, тергөө изоляторлорунун жана эркиндигинен ажыратуунун жана чектөөнүн башка жерлеринин санитардык абалын текшерүү боюнча комиссияны уюштурсун, текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын табылган бузуулар боюнча актыларды/милдеттендирүүчү каттарды тиркөө менен Улуттук борборго берсин;
11) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- соттолгондорду адамгерчиликсиз жана кадыр-баркты басмырлаган шарттарда кармоо практикасын болтурбоо үчүн жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин ишин толук көлөмдө каржылоо маселесин карасын;
- авариялык абалына жана аны андан ары пайдалануунун жараксыздыгына байланыштуу Бишкек шаарынын ИИБсынын УКИсинин иштеп жаткан имаратын жаңы имаратка которуу үчүн каражаттарды тапсын;
12) өзүнүн карамагында адамдарды эркиндигинен ажыратуу жана чектөө мекемелери, жерлери бар мамлекеттик органдар:
- мамлекеттик органдын карамагындагы эркиндигинен ажыратуу жана эркиндигин чектөө жерлеринин саны жөнүндө суратылган, мыйзам менен корголбогон маалыматтарды, ошондой эле Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамда көрсөтүлгөн максаттарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон талдоо жана статистикалык маалыматтарды алууда Улуттук борборго көмөк көрсөтсүн;
- Улуттук борбордун превентивдүү барууларын жүргүзүүгө жана кыйноолорду жана ырайымсыз мамиле жасоолорду четтетүү боюнча билим берүү жана агартуу иш-чараларын өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.
3. Улуттук борбор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары кабыл алынган сунуштамаларды ишке ашыруу мониторингин жүргүзсүн жана ар жылдагы кезектеги баяндаманы Жогорку Кеңешке киргизүү учурунда маалымат берсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |