Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры № 3319-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 30-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 30-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Ысык-Көл биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Ысык-Көл биосфера аймагын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019-2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Ысык-Көл областында кышкы туризмди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана чечүү жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |