Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-октябры № 3298-VI
"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы № 3437-VI, 2020-жылдын 4-мартындагы № 3593-VI, 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 3702-VI, 2020-жылдын 25-июнундагы № 3967-VI, 2020-жылдын 2-декабрындагы № 4195-VI, 2020-жылдын 23-декабрындагы № 4289-VI 2021-жылдын 29-июлундагы № 4790-VI токтомунун редакциясына ылайык)
"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө максатында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети киргизген "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Рыспаев Кожобек Джайчыбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Примов Улан Бердибаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Каримов Нодирбек Тохтосинович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Эгембердиев Максатбек Бакирович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП парламенттик фракциясынан депутат;
Тиллаев Таабалды Гапырович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Алтынбеков Айбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан депутаты;
Турсунбаев Азизбек Атакозуевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан депутат.
Тагаев Эрмамат Султанович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Бир Бол" парламенттик фракциясынан депутат;
Токтошев Эмиль Токтакунович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан депутат.
(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 23-декабрындагы № 4289-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия зарылчылык болгондо ушул маселе боюнча өзүнүн ишине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын адистерин жана эксперттерин тартууга укуктуу.
4. Комиссия жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2021-жылдын 2-октябрына чейин маалымдасын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы № 3437-VI, 2020-жылдын 4-мартындагы № 3593-VI, 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 3702-VI, 2020-жылдын 25-июнундагы № 3967-VI, 2020-жылдын 2-декабрындагы № 4195-VI, 2020-жылдын 23-декабрындагы № 4289-VI, 2021-жылдын 29-июлундагы № 4790-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |