ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 23-декабрындагы № 4289-VI «Кесиптик бирликтер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция23.12.2020 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2020-жылдын 23-декабры № 4289-VI

"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары комиссиянын курамынан чыгарылсын:

Мамытов Талант Турдумаматович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;

Толонов Данияр Эрмекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Масабиров Таалайбек Айтмаматович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан.

2. 1-пунктта "Жунус уулу Алтынбек" деген сөздөр "Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 4-пунктта "2021-жылдын 2-январына" деген сөздөр "2021-жылдын 2-апрелине" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

Төрага

А.К. Касымалиева