Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры № 3320-VI
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" 2019-жылдын 3-майындагы № 210 жана "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө" 2019-жылдын 14-октябрындагы № 544 токтомдоруна ылайык отун-энергетика комплексинин ишканалары, министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комитеттер, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары жана аткаруу бийлигинин башка органдары үчүн Иш чаралардын планын кабыл алган.
2019-жылдын 10-октябрына карата абал боюнча республика боюнча жалпысынан 485,7 миң тонна көмүр даярдалды, анын ичинде калк учурдагы 535,495 миң тонна пландын ордуна 369,887 миң тонна көмүр даярдады, бул 69,07% түзөт; бюджеттик мекемелер учурдагы 143,915 миң тонна пландын ордуна 116,116 миң тонна көмүрдү же 80,68% даярдады.
2019-жылдын 14-октябрына карата абал боюнча Бишкек шаарынын ЖЭБине 229,778 миң тонна көмүр берилди, анын ичинен 199,964 миң тонна Кара-Кече көмүрү жана 29,814 миң тонна импорттук көмүр.
2019-жылдын 10-октябрына карата абал боюнча Ош шаарынын ЖЭБинде жагылуучу мазуттун калдыктары 4,108 миң тоннаны түзөт. Жеткирүү Жооптуу сактоо келишими боюнча "Кыргызмунайгаз" ААКсы тарабынан жүргүзүлүп жатат.
2019-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча "Бишкекжылуулуктармагы" ААКнын тармактарына 1124,96 миң Гкал жылуулук энергиясы келип түштү. 2019-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы 172,05 млн. сомду түздү жана жылдын башына салыштырганда 226,9 млн. сомго азайды (2019-жылдын 1-январына карата карыз - 398,94 млн. сом). Төлөмдөрдү чогултуу 1497,0 млн. сомду түздү, бул сатып өндүрүлгөн товардык продукциянын 117,4% түзөт.
"Бишкекжылуулукэнерго" КИ жылуулук энергиясын иштеп чыгышы 119,53 миң Гкал түздү. Жылуулук энергиясын жоготуулар пландагы 29,95 миң Гкал ордуна иш жүзүндө 24,02 миң Гкал түздү, бул пландагыдан 5,93 миң Гкал аз. 2019-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча дебитордук карыз 57,487 млн. сомду түздү жана жыл башынан тартып 30,827 млн. сомго азайды. 2019-жылдын 1-октябрына карата 1,894 миң тонна көмүр даярдалды.
"Кыргызжылуулукэнерго" МИ 2019-жылдын 10-октябрына карата 27,621 миң тонна көмүр даярдаган, 2019-жылдын 14-октябрына карата абал боюнча 11,634 миң тонна отко жагылуучу мазут даярдалган, от казанын жана жылуулук тармактарын оңдоо иштерине 106049,2 миң сом өздөштүрүлгөн. 2019-жылдын 9 айынын ичинде жылуулук энергиясын иштеп чыгуу 268,64 миң Гкал түздү.
2019-жылдын 9 айынын ичинде "Газпром Кыргызстан" ЖЧКга ишке ашыруу үчүн 184 млн. м3 жаратылыш газ келип түштү. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын 2019-жылга инвестициялык программасы 19 инвестициялык долбоорду камтыйт.
2019-жылдын январь-сентябрында көмүр казуу тармагы боюнча өнөр жайлык продукциянын көлөмү 1719,38 млн. сомду түздү, мында 1244,28 миң тонна көмүр казып алынды. Түндүк регион боюнча казып алуу - 414,47 миң тоннаны, түштүк регион боюнча 829,81 миң тоннаны түздү.
2019-жылдын 14-октябрына карата абал боюнча Токтогул суу сактагычынын белгиси 892,03 метрди түздү, көлөмү 17,256 млрд. м3, бул 2018-жылдын 899,17 метр белгисинин учурундагы 19,222 млрд. м3ду түзгөн ушундай датасына салыштырганда 1,966 млрд. м3га аз.
Электр энергиясын алмашуунун алкагында 2019-жылдын июль-августундагы мезгилде Казакстанга 269,2 млн. кВт саат электр энергиясы берилди, бул Үч-Коргон ГЭСинен 293,1 млн. м3 сууну өткөрүүгө эквиваленттүү. 2019-жылдын 18-сентябрынан тартып электр энергиясын Казакстандан Кыргызстанга кайра кайтаруу башталды жана 2019-жылдын 14-октябрына карата абал боюнча 116,9 млн. кВт саатты түздү.
Борбордук Азиядагы суу-энергетикалык мамилелердин маселесин белгилей кетүү зарыл, ал өлкө өзгөчө суу аз мезгилге кирген шарттарда өзүнчө көңүл бурууга арзыйт. Азыркы убакта Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен учурдагы мамилелердин алкагында бүткүл регион үчүн зарыл болгон суу ресурстарын топтоо жана сарптоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн адекваттуу экономикалык компенсацияны албайт.
2019-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча "Электр станциялар" ААКнын электр энергияны иштеп чыгуусу 10547,4 млн. кВт саатты түздү, бул 2018-жылдын ушундай мезгилиндеги көрсөткүчкө (10796 млн. кВт саат) караганда 248,6 млн. кВт саатка же 2,3%га аз, анын ичинде төмөнкүлөрдө:
- ГЭСте электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 9789,2 млн. кВт саатты түздү, бул 2018-жылдын көрсөткүчүнө (9992,8 млн. кВт саат) караганда 203,6 млн. кВт саатка же 2%га аз;
- ЖЭБде электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 758,2 млн. кВт саатты түздү, бул 2018-жылдын көрсөткүчүнө (803,2 млн. кВт саат) караганда 45,0 млн. кВт саатка же 5,6%га аз.
Жылуулук энергиясын иштеп чыгуу 1229,9 миң Гкал түздү, бул 2018-жылдын ушундай мезгилине (1316 миң Гкал) караганда 81,6 миң Гкал же 6,5%га аз.
2019-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча "Чакан ГЭС" ААКнын электр энергияны иштеп чыгуусу 123,7 млн. кВт саатты түздү, бул 2018-жылдын ушундай мезгилинин көрсөткүчүнө (135,6 млн. кВт саат) караганда 11,9 млн. кВт саатка же 8,7%га аз.
Бөлүштүрүүчү электр компанияларынын (мындан ары - БЭК) тармактарында 2019-жылдын январь-сентябрында электр энергиясын жоготуулар 10,9%ды же 909,2 млн. кВт саатты түздү, бул нормативден (11,7%) 0,8%га аз. 2018-жылы жоготуулар 11,7%ды же 963,8 млн. кВт саатты түзгөн.
2019-жылдын январь-сентябрында БЭК тармагына 8319,4 млн. кВт саат электр энергиясы келип түштү, керектөөчүлөргө 7358,9 млн. кВт саат электр энергиясы пайдалуу түрдө берилди. Товардык продукция 9891,5 млн. сомду түздү, БЭК боюнча берилген электр энергиясы үчүн акча каражаттарын чогултуу 10274,0 млн. сом түздү.
2019-жылдын 1-октябрына карата керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы 1037,5 млн. сомду (2019-жылдын 1-январына карата 1481,6 млн. сом) түздү жана 2019-жылдын январь-сентябрынын ичинде 444,1 млн. сомго же 30,0%га азайды. Мында калк боюнча 2019-жылдын январь-сентябрындагы дебитордук карыз 352,9 млн. сомго же 44,0%га азайды жана 2019-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча 448,5 млн. сомду түздү.
2019-жылдын 9 айынын ичинде "Кыргызстан УЭТ" ААКнын электр тармактарында электр энергиясын техникалык жоготуулар 560,87 млн. кВт саат же 5,48%ды түздү, тармакка 10238,52 млн. кВт саат электр энергиясы келип түшкөн.
БЭК тармактарында 2019-жылдын январь-сентябрында авариялык өчүрүүлөрдүн саны 3418 өчүрүүнү түздү жана 2018-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 487 өчүрүүгө же 12,5%га азайды. "Электр станциялары" ААКда жабдуулардын ишинде 14 бузулуу болуп катталды, "Кыргызстан УЭТ" ААКнын тармактарында бузуулар катары квалификацияланган 29 өчүрүү болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын эске алып, ошондой эле республиканын отун-энергетикалык комплексин ишенимдүү иштетүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:
- министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары отунду камдоонун графигин, электр энергиясын жана кубаттуулугун пайдалануунун белгиленген лимиттерин сактоонун аткарылышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- Борбордук Азиянын бириккен энергетикалык системасынын курамында республиканын энергия системасынын туруктуу параллелдик иштешин камсыз кылсын;
- 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилдеринде энергия тутумунун туруктуу иштешин жана республиканын экономикасын жана калкын электр, жылуулук энергиялары жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну камсыз кылсын;
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө ресурстардын, кирешелердин жана бюджеттик чыгымдардын ар айлык каржы планына ылайык, "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга бюджети жана 2020/2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каржы каражаттарын бөлүп берүүнү толук көлөмдө жүзөгө ашырсын;
- колдонулган электр энергиясы, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн бюджеттик мекемелердин дебитордук карыздарын өз учурунда жоюуну камсыз кылсын;
- 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилинин өтүү мөөнөтүндө керектөөчүлөрдүн жылуулук жана электр энергиясын авариялык өчүрүүлөрүнө жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- отун-энергетикалык комплекстин ишканалары тарабынан учурдагы жана капиталдык иштерди, реконструкциялоо жана капиталдык курулуш боюнча иштерди бекитилген тапшырмаларга, пландарга жана графиктерге ылайык сапаттуу жана өз маалында бүткөрүлүшүн камсыз кылсын;
- суу азайган мөөнөттү эске алуу менен, жылуулук жана электр энергиясын иштеп чыгуучу станциялардын ишинин оптималдык режимдеринин кармалып туруусун, суу-энергетикалык эсептерге, сууну топтоо, жылуулук, электр энергиясын жана кубаттуулукту иштетип чыгаруу боюнча бекитилген тапшырмаларга, пландарга жана графиктерге ылайык камсыз кылсын;
- Бишкек шаарынын ЖЭБинде ата мекендик ДСШ маркасындагы көмүрдү пайдаланууну 70,0 миң тоннага чейин жана ата мекендик БР, БЗ маркасындагы көмүрдү пайдаланууну 700,0 миң тоннага чейин көбөйтсүн;
- "Токмок Жылуулук" муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүп берилсин жана Ош шаардык "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасын өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
- Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылын электр энергиясы менен камсыздоо маселесин 2020-жылдын октябрь айына чейин чечсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |