Редакцияот 13.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 13-ноябры № 3337-VI

"2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган 2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 31-декабрындагы № 668 токтому) "2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган 2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков