Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-декабры № 668
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- "2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 668 токтому менен жактырылган |
2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Евразия экономикалык бирлиги - региондук экономикалык интеграциянын эл аралык уюму, ал эл аралык укук субъектине ээ, анын алкагында тараптар товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин өтүүсүн камсыздашат, экономиканын тармактарында координацияланган, макулдашылган же бирдиктүү саясатты жүргүзүшөт.
Евразия экономикалык бирлигинин негизги максаттары:
- мүчө мамлекеттердин элдеринин жашоо деңгээлдерин жогорулатуу үчүн алардын экономикаларынын туруктуу өсүшүнө шарттарды түзүү;
- Евразия экономикалык бирлигинин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгектик ресурстардын бирдиктүү рыногун түзүүгө умтулуу;
- глобалдык экономика шартында улуттук экономикаларды ар тараптуу модернизациялоо, кооперация жана атаандаштыкка жарактуулугун арттыруу.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашуусу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында түзүлүүчү, мүчө мамлекеттер аткара турган эл аралык келишимдердин долбоорлорун мамлекеттик ички макулдашуунун жол-жоболоруна байланыштуу коомдук мамилелерди жөнгө салуучу бирдиктүү укуктук жана универсалдуу ченемдер - бул жерде - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу маселесин жөнгө салуучу бирдиктүү жана универсалдуу укуктук ченемдердин болушу зарыл.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы бирлигинин бирдиктүү бажы аймагы боюнча озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны орун которуштуруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу максатында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашуунун долбоору иштелип чыккан жана бекитилген.
Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчылары 2015-жылдын 29-майында Бурабай шаарында (Казакстан Республикасы) кол коюшкан бул Макулдашуу Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы боюнча озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны орун которуштуруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
Макулдашуунун жоболоруна ылайык озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны орун которуштуруу Евразия экономикалык комиссиясынын чечими менен бекитилүүчү бирдей форма боюнча компетенттүү орган бере турган корутундунун (уруксат берүүчү документтин) негизинде жүзөгө ашырылат.
Макулдашуунун ченемдери жана жоболору 1985-жылдын 22-мартындагы Озон катмарын коргоо жөнүндө Вена конвенциясынын жана 1987-жылдын 16-сентябрындагы Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколунун негизги принциптерине жана талаптарына ылайык келет.
Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүүнүн алкагында төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылар иштелип чыккан жана бекитилген:
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 25-декабрындагы № 165 "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 12-январындагы № 3 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 12-январындагы № 5 "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 594 "Озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны ташып келүүнү жана ташып чыгууну мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 416 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 419 "2016-2020-жылдар мезгилинде озонду бузуучу заттарды пайдаланууну токтотуу боюнча мамлекеттик программаны (3-фаза) бекитүү жөнүндө" токтому.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарында бул маселе жөнгө салынган эмес, бул озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны республиканын аймагына мыйзамсыз ташып келүү учурларына алып келген.
Макулдашууга кошулуу жөнүндө протокол Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны өз ара соодалоодо өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну камсыз кылат, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы бирлигинин бирдиктүү бажы аймагы боюнча озонду бузуучу заттарды орун которуштурууга контролду күчөтүүгө жана Монреаль протоколу боюнча Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер кабыл алган озонду бузуучу заттарды керектөөнү азайтуу жөнүндө милдеттенмелерди аткарууга түрткү болот.
Макулдашууга кошулуу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда өз ара сооданы жүзөгө ашырууда озонду бузуучу заттарды эсепке алууга мүмкүндүк берет.
Протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышып жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Мурда Протоколдун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-апрелиндеги № 149-б буйругу менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Аталган Протоколду ратификациялоо республикалык бюджеттен финансылык чыгымдарды талап кылбайт жана ошондой эле финансылык-экономикалык жана башка терс натыйжаларга алып келбейт.