Редакцияот 27.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 27-ноябры № 3377-VI

"2019-жылдын 7-майында Анкара шаарында кол коюлган 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 1-ноябрындагы № 595 токтому) "2019-жылдын 7-майында Анкара шаарында кол коюлган 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков