Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-ноябры № 3383-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 28-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 28-ноябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |