Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-ноябры № 3364-VI
Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 28-ноябрындагы № 3392-VI, 2019-жылдын 19-декабрындагы № 3453-VI, 2020-жылдын 20-февралындагы № 3568-VI, 2020-жылдын 19-мартындагы № 3641-VI, 2020-жылдын 21-майындагы № 3752-VI, 2020-жылдын 17-июнундагы № 3877-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Жаран Айэркен Саймаити жана анын Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик кызматчылары менен байланышы жөнүндө, ага Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту мыйзамсыз берилгени жана башка укук ченемсиз иш-аракеттери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда пайда болгон маалыматтарга байланышкан жагдайларды жана маселелерди иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү курамдагы убактылуу депутаттык комиссиясы (мындан ары - комиссия) түзүлсүн:
Ө.М.Бакиров,
С.М.Джураев,
А.А.Карашев,
А.И.Кулбараков - КСДП парламенттик фракциясынан;
(Абзац КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3877-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Т.Т.Мамытов,
З.Э.Шарапов - "Республика - Aта-Журт" парламенттик фракциясынан;
Д.Э.Толонов,
А.М.Эргешов - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Т.У.Шайназаров - "Өнүгүү-Прoгресс" парламенттик фракциясынан;
Ж.А.Бакчиев - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
А.Н.Шыкмаматов - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
2. Комиссия жаран Айэркен Саймаитинин Кыргыз Республикасынын аймагындагы иш-аракеттерин иликтөөнү, анын келген жана кеткен жагдайларын, Түркия Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматтык унаасын пайдаланганын териштирүүнү, ошондой эле анын инсандыгына байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтарды текшерүүнү жана талдоону жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын бардык тийиштүү мамлекеттик органдары комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
4. Комиссия зарыл болгондо ушул маселе боюнча республиканын мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдарынын адистерин жана эксперттерин ишке тартууга укуктуу.
5. Комиссия 2020-жылдын 21-июнуна чейин иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрындагы № 3453-VI, 2020-жылдын 20-февралындагы № 3568-VI, 2020-жылдын 19-мартындагы № 3641-VI, 2020-жылдын 21-майындагы № 3752-VI, 2020-жылдын 17-июнундагы № 3877-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |