КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-декабры № 3405-VI
"2019-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 23-октябрындагы № 570 токтому) "2019-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |