Редакцияот 05.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 5-декабры № 3413-VI

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б буйругуна ылайык "Кадамжай Сууканал" муниципалдык ишканасына мурда берилген бюджеттик кредитти кайра структуралаштыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б буйругуна ылайык "Кадамжай Сууканал" муниципалдык ишканасына мурда берилген бюджеттик кредитти кайра структуралаштырууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттик кредитти кайра кайтаруунун сунуш кылынган шарттарын эске алуу менен тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков