КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-декабры № 3414-VI
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК берген электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлинин, бөлүштүрүүчү энергокомпанияларындагы дебитордук карыздын деңгээлинин көрсөтүлгөн сандарынын аныктыгын иликтөө, энергетика тутумундагы коррупциялык схемалардын кесепеттерин иликтөө, электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү жана Кыргыз Республикасында энергетика секторун өнүктүрүүнүн абалы жана келечектери боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 4-июнундагы № 3812-VI токтомунун редакциясына ылайык)
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК берген электр энергиясын жоготуулардын деңгээлинин, бөлүштүрүүчү энергокомпанияларындагы дебитордук карыздын деңгээлинин көрсөтүлгөн сандарынын аныктыгын ар тараптан иликтөө, энергетика тутумундагы коррупциялык схемалардын кесепеттерин иликтөө, электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү жана Кыргыз Республикасында энергетика секторун өнүктүрүүнүн абалын жана келечектерин иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
М.А.Айнакулов, О.М.Бакиров, И.А.Маннанов, А.Ш.Осмонова - КСДП парламенттик фракциясынан;
М.Э.Сабиров, У.Т.Кыдыралиев, Б.К.Райымкулов - "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан;
Т.К.Конушбаев, А.С.Токторов - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
З.И.Жамалдинов - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
А.У.Жапаров - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
Б.И.Сулейманов - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия зарылчылык болгондо ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын адистерин жана эксперттерин жана коомдук уюмдарды ишке тартууга укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы Комиссиянын иши үчүн зарыл шарттарды түзсүн.
5. Комиссия жасалган иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2020-жылдын 30-июнуна чейин маалымдасын
(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 4-июнундагы № 3812-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |