Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-июну № 3812-VI
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК берген электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлинин, бөлүштүрүүчү энергокомпанияларындагы дебитордук карыздын деңгээлинин көрсөтүлгөн сандарынын аныктыгын иликтөө, энергетика тутумундагы коррупциялык схемалардын кесепеттерин иликтөө, электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү жана Кыргыз Республикасында энергетика секторун өнүктүрүүнүн абалы жана келечектери боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3414-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК берген электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлинин, бөлүштүрүүчү энергокомпанияларындагы дебитордук карыздын деңгээлинин көрсөтүлгөн сандарынын аныктыгын иликтөө, энергетика тутумундагы коррупциялык схемалардын кесепеттерин иликтөө, электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү жана Кыргыз Республикасында энергетика секторун өнүктүрүүнүн абалы жана келечектери боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3414-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтү 2020-жылдын 30-июнуна чейин узатылсын.
2. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК берген электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлинин, бөлүштүрүүчү энергокомпанияларындагы дебитордук карыздын деңгээлинин көрсөтүлгөн сандарынын аныктыгын иликтөө, энергетика тутумундагы коррупциялык схемалардын кесепеттерин иликтөө, электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү жана Кыргыз Республикасында энергетика секторун өнүктүрүүнүн абалы жана келечектери боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3414-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-пунктунда "5" деген цифра "30" деген цифраларга алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |