Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры № 3435-VI
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 24-октябрындагы № 571 токтому) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджетинин кирешелери ИДПга карата 2,4 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 16009829,9 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин чыгымдары ИДПга карата 2,4 пайыз салыштырма салмагы менен 16009829,9 миң сом.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- калктын социалдык жактан аялуу категориялары үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга таасирдүү камсыздандыруу элементтерин жана төгүмдүн өлчөмүн этап-этабы менен көбөйтүү механизмдерин киргизүү менен милдеттүү медициналык камсыздандырууну андан ары өнүктүрүү концепциясын иштеп чыксын;
- бирдиктүү төлөөчүнүн системасында медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү катарында мамлекеттик жана жеке медициналык уюмдардын катышуусунун бирдей шарттарын камсыз кылсын;
- милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүшүн жекече эсепке алууну киргизсин;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын республикалык бюджеттен өз учурунда жана толук каржылоого контролду камсыз кылсын;
- үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын жана мамлекеттик диагностикалык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнө расмий баалар (прейскуранттар) боюнча калк үчүн маалыматтык ресурсту түзсүн;
- "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкерлерин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотууга тиешелүү ченемдерин кайра карасын жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелерди көрсөтүлгөн адамдарга жүктөө боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- медициналык кызмат көрсөтүүгө арналган, республиканын саламаттык сактоо уюмдары ар кыл мамлекеттерден, жеке жана юридикалык жактардан, резиденттерден жана резидент эместерден, кайрымдуулук мекемелеринен же эл аралык уюмдардан ала турган товарларды, жабдууларды жана транспорт каражаттарын салыктардан жана бажы алымдарынан бошотуу же аларды төмөндөтүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2020-жылдын биринчи кварталына карата:
- бюджеттик маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылсын, атап айтканда, талдоо маалыматын берүү менен бюджеттин жылдык аткарылышы жөнүндө маалыматты расмий сайтка жайгаштырсын;
- мындан ары бюджетти Бирдиктүү төлөөчү системасын эске албастан иштин экономикалык жана функциялык багыттарына ылайык түзсүн;
- 2021-жылга бюджетти түзүүдө натыйжалуулук индикаторлорун чагылдыруу менен программалык бюджетти берүүнү камсыз кылсын;
- жыл сайын бюджетти аткаруу жөнүндө жылдык отчетту коомдук талкуулоону өткөрүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |