Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-декабры № 3418-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.З.Ормонов, М.Э.Мавлянова, Алтынбек Жунус уулу, А.М.Эргешов, М.А.Аманкулов, Р.Ч.Момбеков, Н.К.Алимбеков, Д.Б.Аттокуров, К.Ш.Баймуратов, С.М.Джураев, К.М.Жумалиев, Адыл Жунус уулу, Т.К.Конушбаев, Б.У.Сыдыков, Н.Т.Тотонов, Ж.Б.Исаев, М.А.Маматалиев, Дж.А.Бакчиев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 22-ноябрындагы № 623 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |