Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры № 3426-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-декабрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Ар кандай;
"2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Финансылык рынок чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун укуктук статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протоколду жана 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2018-жылдын 28-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7 жана 8-августунда түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |