Редакцияот 19.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 19-декабры № 3453-VI

"Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

"Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI токтомунун 5-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "бир айлык мөөнөттө" деген сөздөр "2020-жылдын 21-февралына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

А.Касымалиева