Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры № 3446-VI
"2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 16-октябрындагы № 551 токтому) "2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |