Редакцияот 26.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 26-декабры № 3472-VI

"2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ЕСАPDEV Траст фондунун ТF0В0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 15-ноябрындагы № 606 токтому) "2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ЕСАPDEV Траст фондунун ТF0В0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков