Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 3476-VI
Кол топтоо, кол коюу барактарын жол-жоболоштуруу тартибинин сакталганын, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана жарандардын элдик демилгени колдоп чогултулган колтамгаларынын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тартылган адистердин ичинен кол топтоо, кол коюу барактарын жол-жоболоштуруу тартибинин сакталганын, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана жарандардын элдик демилгени колдоп чогултулган колтамгаларынын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси С.К.Ибраев ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде жумушчу топтун жеке курамын аныктасын.
3. Жумушчу топ кол топтоо, кол коюу барактарын жол-жоболоштуруу тартибинин сакталганын, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана жарандардын элдик демилгени колдоп чогултулган колтамгаларынын аныктыгын текшерүү боюнча ишти отуз күндүн ичинде аяктасын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |