Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 3478-VI
Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин төрагасы Э.Ж.Байбакпаевдин отчету тууралуу
"Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтомуна ылайык Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин төрагасы Э.Ж.Байбакпаевдин отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-2019-жылдары Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин төрагасы Э.Ж.Байбакпаевдин отчету жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтому менен бекитилген "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" концепциясына ылайык Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча чараларды ишке ашырууну улантсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жашыл экономикага өтүү боюнча коомдук кеңешинин ОТЧЕТУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 1-февралындагы № 2232-VI "Кыргыз Республикасындагы айлана чөйрөнүн абалынын айрым аспектилери, "жашыл экономика" принциптерин киргизүүнүн келечектери жана "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" беделин жылдыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун негизинде Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү жана аны киргизүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, бул топко депутат Э.Байбакпаев жетекчилик кылып жатат. Жумушчу топ кыска мөөнөттүн ичинде "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" деген бренд менен Кыргыз Республикасындагы жашыл экономиканын концепциясын иштеп чыкты жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" концепцияны бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бул Концепция бекитилди жана Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча коомдук кеңеш түзүлүп, ага депутат Э.Байбакпаев төрагалык кылууда.
Белгилей турган нерсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жогорку Кеңештин тапшырмасы боюнча жана Жогорку Кеңештин жашыл экономика концепциясында каралган принциптерге негизденип, өзүнүн 2019-жылдын 14-ноябрындагы токтому менен 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү Программасын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын Планын бекиткен.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча Коомдук кеңеши 2018-жылдын ортосунан тартып 2019-жылдын декабрына чейинки мезгилде өлкөдө жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн мыйзамдык жана башка ченемдик-укуктук базаны түзүү боюнча орчундуу иштерди жүргүздү, ошондой эле калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагында тийиштүү иш-чараларды жүзөгө ашырды.
Атап айтканда, Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 27-июнунда "Энергиянын калыбына келүүчү булактары чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алды, анда энергиянын калыбына келүүчү булактары чөйрөсүндөгү иш-аракет эрежелеринин алкагы белгиленди жана энергетикалык тармакта инвестициялык ишмердик үчүн бир кыйла жагымдуу шарттар түзүлдү. Азыркы убакта Коомдук кеңеш аткаруу бийлик органдары менен бирдикте бардык тийиштүү ченемдик-укуктук актыларды энергиянын калыбына келүүчү булактары жөнүндөгү ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча жумуштарга активдүү катышып жатат. Аталган Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумуштар 2016-жылы эле башталгандыгына карабастан, энергиянын калыбына келүүчү булактары боюнча депутаттык демилге Коомдук кеңештин жардамы менен гана мыйзам катары калыптанды.
Кыргызстанда биоартүрдүүлүктү, экотутумдарды жана туристтик дараметти сактоо максатында Коомдук кеңеш "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" Мыйзамдын долбоорун иштеп чыкты, анда илбирстин тоют базасы болуп саналган бир катар туяктуу жаныбарларды атып алууга мораторий киргизүү каралган. Бул мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумуштардын баштапкы этабында аңчылыкка тыюу салуу демилгесин Жогорку Кеңештин 41 депутаты колдоого алган. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйналышында жактырылгандан кийин 2019-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңештин пленардык жыйналышынын кароосуна киргизилген, бирок анда аңчылыкка тыюу салуу демилгеси добуштардын көпчүлүгү менен четке кагылган.
Ысык-Көл областынын аймагында тиричиликтик калдыктарга жана канализациялык саркындыларга байланышкан жагымсыз экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана Ысык-Көлдүн акваториясын булгануу фактыларына бөгөт коюу үчүн Коомдук кеңеш "Ысык-Көл биосфералык аймагындагы суу агып чыкма жана тазалагыч курулмалар жөнүндө" Мыйзам долбоорун жана "Ысык-Көл биосфералык аймагын коргоо чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамга, Жоруктар жөнүндө кодекске, Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзам долбоорун камтыган пакетти иштеп чыкты. Бул мыйзам долбоорлор пакети суу агып чыгуу тутумун жана тазалагыч курулмаларды 2024-жылга чейин финансылоо үчүн мыйзамдык негиз түзүүгө багытталган, анда экологиялык талаптарды жана чектөөчү нормаларды күчөтүүгө багытталган колдонуудагы мыйзамдарга толуктоолор жана өзгөртүүлөр такталган, ошондой эле кызмат адамдарынын бул чөйрөдөгү жоопкерчилигинин чаралары толукталган. 2019-жылдын 30-октябрында Жогорку Кеңештин пленардык жыйналышында бул мыйзам долбоорлор пакети аларды финансылоо бөлүгүндө толуктап иштеп чыгууга кайра жөнөтүлгөн. Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери бул мыйзам долбоорлор пакетин ишке ашырууну финансылоону Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүүнү болжолдогон. Мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин пленардык жыйналышында талкуулагандан кийин Коомдук кеңеш жана Өкмөттүн өкүлдөрү макулдашкандай, финансылоо маселесинде "Табиятты өнүктүрүү фонду" деген Коомдук фондду пайдалануу бир кыйла натыйжалуу болмокчу, финансылоого эл аралык финансылык уюмдардын да катышуусу күтүлөт. Мыйзам долбоорлоруна тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин бул мыйзам долбоорлор пакети Жогорку Кеңештин кароосуна кайрадан киргизилет.
Коомдук кеңеш жогоруда көрсөтүлгөн бардык мыйзам долбоорлору боюнча тийиштүү парламенттик жана коомдук угууларды белгиленген тартипте өткөрдү, аларга парламент депутаттары, аткаруу бийлик өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын жана бизнес-сектордун өкүлдөрү катышты бир катар мыйзам долбоорлору боюнча (зарыл учурларда) алардын тийиштүү жөнгө салуу таасирине талдоолор (ЖТТ) жасалды.
Азыркы мезгилде Коомдук кеңеш мыйзам жаратуу ишинин төмөнкүдөй багыттары боюнча иш алпарып жатат:
"Ысык-Көл" биосфера аймагынын экотутумун полиэтилен пакеттеринин жана пластикалык таранын зыяндуу таасиринен коргоо максатында "Ысык-Көл биосфералык аймак зонасынын чектеринде полиэтилен пакеттерин жана пластика тараларын алып кирүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты. Ушул мыйзам долбоору боюнча парламенттик жана коомдук угуулар өткөрүлдү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн оң корутундусу алынды. Азыркы убакта мыйзам долбоорунун концепциясын тактоо жана ага карата тийиштүү ЖТТ иштеп чыгуу боюнча жумуштар жүргүзүлүп жатат.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун пестициддердин зыяндуу таасиринен коргоо максатында "Агрохимикаттарды жана өсүмдүктөр үчүн коргоо каражаттарын (пестициддерди) жүгүртүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты. Ушул мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууну өткөрүү белгиленип жатат, ошондой эле бул мыйзам долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн оң корутундусу алынды. Азыркы убакта мыйзам долбоорунун концепциясын тактоо жана ага карата тийиштүү ЖТТ иштеп чыгуу боюнча жумуштар жүргүзүлүп жатат. Бул багытта Өкмөттүн, бизнестин, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн эксперттик топ түзүлдү жана иштеп жатат.
Гендик-модификацияланган организмдердин (ГМО) зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун коргоо максатында мыйзам долбоорлор пакети иштелип чыкты, ага төмөнкүлөр кирет: "Кыргыз Республикасында гендик-модификацияланган организмдерди камтуучу өндүрүмдөрдү өстүрүүнү, чыгарууну, алып келүүнү жана сатууну чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүңдө кодексине, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Ушул мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик жана коомдук угуулар өткөрүлмөкчү, бул мыйзам долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн оң корутундусу алынды. Азыркы убакта мыйзам долбоорлорунун концепцияларын тактоо жана аларга карата тийиштүү ЖТТларды иштеп чыгуу боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө. Өкмөттүн, бизнестин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган эксперттик топ түзүлгөн жана иш алпарып жатат.
Кыргызстандын айыл чарба тармагын, анын ичинде органикалык айыл чарбасын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө", "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты. Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды, ал боюнча парламенттик жана коомдук угууларды өткөрүү пландалууда. Мыйзам долбоору корутунду алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлдү.
Мал чарбачылыкта пайдаланылуучу өстүргүч гормондордун жана антибиотиктердин зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун коргоо максатында бул чөйрөдө тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыгууда.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү алкагында Коомдук кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир катар токтомдорунун долбоорлорун иштеп чыкты:
Кыргыз Республикасында экотутумдарды, биологиялык артүрдүүлүктү сактоо жана жаратылыштык-коруктук фондду коргоо максатында "Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дүйнөсүн коргоонун абалы тууралуу, "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө", "Аңчылык кылуу жана аңчылык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышы тууралуу" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору иштелип чыкты. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2019-жылдын 26-июнунда кабыл алган.
Булганган атмосфералык абанын зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун коргоо максатында "Айлана-чөйрөнүн жана атмосфералык абанын булгануусун азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору иштелип чыкты. Бул токтом долбоору Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кароосуна берилген, Комитеттин мүчөлөрү бул маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушу багытта жүргүзгөн жумуштары жөнүндө отчетун Комитетке бергенден кийин кароо чечимин кабыл алды.
Глобалдык экологиялык фонддун гранттык каражаттарынын эсебинен долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында "Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) менен кызматташуу жана ГЭФ финансылаган долбоорлордун натыйжалуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору иштелип чыкты. Бул токтом долбоору Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин кароосунда турат.
2019-жылдын июнунда, коммуналдык жана жеке менчик тазалагыч курулмалардын абалын текшерүү максатында, Коомдук кеңеш тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн Ысык-Көл областына атайын комиссиялык баруусу уюштурулду. Атап айтканда, баруунун жүрүшүндө Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларындагы муниципалдык тазалагыч курулмалардын, ошондой эле Ысык-Көл районундагы бир катар ден-соолукту чыңдоо ишканаларынын тазалагыч кубаттуулуктарынын абалы каралды. Баруунун жыйынтыгында Чолпон-Ата шаарында областтык активдин катышуусу менен Ысык-Көл ден соолукту чыңдоо зонасындагы тазалагыч курулмалардын абалы боюнча кеңешме өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча калктын маалымат алуусун жогорулатуу максатында Коомдук кеңеш "Парламент FМ" радиосунун эфиринде эксперттик талкууларды өткөрдү, аларда өлкөнүн бардык аймактарынын абалы камтылды. Ошондой эле өлкөбүздөгү басылма жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында жашыл экономика тууралуу бир катар макалалар жарыяланды.
2019-жылдын 12-мартында Коомдук кеңеш Ак илбирсти коргоо боюнча (Snow Leopard Trust) эл аралык фонд менен бирдикте "Жашыл экономика жана айлана-чөйрөнү коргоо" деген темада тегерек стол өткөрдү, ага Өкмөттүн, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул тегерек столдо "Айлана-чөйрөнү сактоо аркылуу туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү" моделин иштеп чыгуу боюнча кеңири пикир алмашуу болду, бул моделди түзүүнүн максаты коомдун бардык катмарларын ар тараптуу экономикалык өнүктүрүү менен бир эле убакытта адам менен табияттын ортосундагы мамилелерди да камсыздоодо турат.
2019-жылдын ноябрь айында Коомдук кеңеш органикалык айыл чарба азыктарынын жергиликтүү өндүрүүчүлөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү, алардын максаты Бишкек шаарында туруктуу иштеген органикалык агромаркетти уюштуруу болду. Азыркы убакта ага катышуучу өндүрүшчүлөрдүн тизмеси иштелип чыгууда жана Экобазар уюштуруу үчүн сүйлөшүүлөр соода аянттарынын ээлери менен жүргүзүлүп жатат.
2019-жылдын 17-декабрында Коомдук кеңештин демилгеси менен "Кыргызстан үчүн климаттын өзгөрүү маселелери" деген алгачкы улуттук форум өткөрүлдү, ага парламент депутаттары, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, Өкмөттүн, бизнес-коомдоштуктун, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул форумда климаттын өзгөрүүлөрүнүн Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткандыгы кеңири талкууланды жана дүйнөдө жылуулуктун жогорулашынын өлкөбүз үчүн терс таасирлерин азайтуу боюнча ар түрдүү сунуштар каралды.
2019-жылдын 18-декабрында Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин сунушу боюнча Коомдук кеңеш органикалык агроөндүрүмдөрдү соодалоону илгерилетүү боюнча кыргыз-индия симпозиумун уюштурду, ага Кыргызстанда органикалык айыл чарба өндүрүмдөрүн чыгаруучулар, органикалык агроөндүрүм чыгаруучулардын жергиликтүү ассоциацияларынын өкүлдөрү, Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү катышты. Бул симпозиумда органикалык айыл чарба чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын дарамети жана Кыргызстандын жана Индиянын органикалык өндүрүмдөрдү чыгаруучуларынын ортосундагы кызматташуунун келечеги талкууланды.
Коомдук кеңештин төрагасы |
| Э.Байбакпаев |