Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-апрели № 3683-VI
Мамлекеттик бюджеттик резервдин каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушуна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, COVID-19 коронавирус инфекциясынын Кыргыз Республикасынын аймагына мындан ары жайылуусуна жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды өз убагында каржылоо үчүн "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Мамлекеттик бюджеттик резервдин каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушуна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Мамлекеттик бюджеттик резервден бөлүнүүчү каражаттарды карасын;
- бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ай сайын маалымат берсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |