Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-майы № 3709-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин чечимдеринде көрсөтүлгөн маселелерге өзгөчө көңүл бурсун жана аларды чечүү боюнча конкреттүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча аткарылган иштердин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2020-жылдын 1-декабрына карата маалымат берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген карамагындагы маселелерге ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |