Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII токтомунуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-ноябры № 24-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 891-VI токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы төмөнкү маселелер бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- 2011-жылдын 3-февралындагы № 146-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө";
- 2012-жылдын 19-январындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 1531-V 2011-жылдын 3-февралындагы № 146-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүү киргизүү тууралуу;
- 2012-жылдын 14-мартындагы № 1730-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";
- 2013-жылдын 27-февралындагы № 2814-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 3-февралындагы № 146-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу";
- 2015-жылдын 4-июнундагы № 5167-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 3-февралындагы № 146-V токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу".
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Жээнбеков |
|
| "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы МАСЕЛЕЛЕР
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 891-VI, 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 1996-VI токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук:
- Конституция (өзгөртүүлөр);
- администрациялык-аймактык түзүлүштүн негиздери;
- мамлекеттик символика;
- референдум;
- өзгөчө кырдаал;
- аскердик абал;
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары; алардын кабыл алуу жана расмий жарыялоо тартиби;
- Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо;
- шайлоо комиссияларынын тутуму;
- Президенттин ишинин кепилдиктери;
- Өкмөт жана анын иши жөнүндө (Өкмөттүн мүчөлөрүн - коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин караган мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат;
- мамлекеттик сыйлыктар;
- элдик курултайлар;
- юбилейлик иш-чаралар;
- нотариат;
- адвокатура жана адвокаттык иш, мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам;
- юстиция органдарынын иши;
- коммерциялык эмес уюмдар.
Төмөнкүлөрдүн ар жылдагы отчетторун угуу:
- Өкмөттүн иши жөнүндө Премьер-министрдин;
- Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Башкы прокурордун.
Прокуратура органдарынын тутумун жана иши уюштуруу:
- жазык иштери боюнча соттук чечимдерди аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдарды сактоо;
- аткаруу бийлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдарды так жана бир түрдүү аткаруу;
- Өкмөт тарабынан мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу.
Шайлоо, дайындоо жана бошотуу үчүн сунуш кылынган талапкерлерди алдын ала кароо;
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын курамына;
- Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарларын.
Башкы прокурорду дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү.
2. Адамдын жана жарандын укуктары боюнча мыйзамдардын конституциялык негиздери:
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу;
- тынч чогулуулар;
- саясий репрессияга кабылган адамдарды актоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
- Акыйкатчы (Омбудсмен) институту;
- Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбор.
Төмөнкүлөрдүн ар жылдагы баяндамаларын угуу:
- Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын абалы жөнүндө Акыйкатчынын (Омбудсмендин);
- Кыйноолорго жана башка катаал мамилелерге каршы улуттук борбордун директорунун жана анын иши.
3. Сот-укук маселелери боюнча мыйзамдар:
- сот тутуму жана аны реформалоо;
- соттордун ишин жана уюштурулушун жөнгө салуу;
- жазык-процесстик мыйзамдар жөнүндө (сот өндүрүшү жагынан);
- жарандык мыйзамдар (негиздер);
- жарандык, жарандык процесстик мыйзамдар;
- администрациялык, администрациялык-процесстик мыйзамдар;
- администрациялык жоопкерчилик (сот тарабынан салынуучу) жөнүндө мыйзамдар;
- аткаруу өндүрүшү жана соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө мыйзамдар;
- мунапыс;
- сот адилеттигин жүзөгө ашыруу маселелерине түз же кыйыр байланышкан мыйзамдар.
Жогорку соттун судьяларын жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жана бошотуу.
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин ишин жөнгө салуу жана курамын бекитүү.
4. Депутаттык этика жана Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө мыйзамдар:
- Жогорку Кеңештин депутаттарынын укуктук абалы:
- Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу;
- Жогорку Кеңештин депутаттарынын этикасы.
Жогорку Кеңештин депутатынын ишинин маселелери:
- Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө (жоболор, токтомдор);
- Жогорку Кеңештин контролдоо функциялары;
- Жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу тартиби.
- саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгашаларын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо.
5. Кезектеги жылга республикалык бюджет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт.
Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да таандык болушу мүмкүн.
2. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Эл аралык мыйзамдар:
- эл аралык келишимдер;
- эл аралык келишимдерди ратификациялоо, аларга кошулуу жана бекитүү;
- эл аралык келишимдердин анык эместиги, күчүн убактылуу токтотуу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу);
- Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациялоого жаткан эл аралык келишимдердин долбоорлорун алдын-ала кароо;
- мамлекеттер аралык программалар;
- мамлекеттер аралык элдик укук;
- эл аралык жеке укук;
- эл аралык жана чет өлкөлүк укукту колдонуу.
2. Тышкы саясат, эл аралык мамилелер жана парламенттер аралык байланыштар жөнүндө:
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясы;
- дипломатиялык мамилелерди түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу менен байланышкан маселелер боюнча тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштарды берүү;
- чет мамлекеттер;
- чет мамлекеттерге ноталар, кайрылуулар;
- дипломатиялык кызмат;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (элчиликтери), Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын алдындагы туруктуу өкүлчүлүктөрү, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери (башкы консулдук, консулдук, вице-консулдук же консулдук агенттик);
- жарандык маселелер;
- эл аралык саясий кызматташтык;
- эл аралык экономикалык кызматташтык;
- эл аралык аскер-техникалык кызматташтык;
- эл аралык маданий-гуманитардык кызматташтык;
- эл аралык жана парламенттер аралык делегациялар;
- Кыргыз Республикасында эл аралык жана парламенттер аралык делегацияларды кабыл алуу;
- чек ара жанындагы кызматташтык;
- Кыргыз Республикасынын парламенттик делегацияларынын башка өлкөлөргө визиттери;
- эл аралык жана чет өлкөлүк, анын ичинде парламенттер аралык уюмдар (КМШПА, ЖККУПА, ОБСЕПА, ПАСЕ, ТүркПА ж.б.);
- эл аралык уюмдардагы мүчөлүк төгүмдөр;
- мамлекеттик протокол;
- Жогорку Кеңештин чет мамлекеттер менен кызматташтык боюнча достук тобу;
- Жогорку Кеңештин парламенттер аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындоого макулдук берүү;
- Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчилерин, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлдөрүн жана Кыргыз Республикасынын Башкы консулдарын дайындоого макулдук берүү;
- Жогорку Кеңештин парламенттер аралык жана башка тышкы байланыштарын координациялоо;
- мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин аткарылышына контролдук кылуу;
- Өкмөттүн тышкы саясат чөйрөсүндөгү иши жөнүндө Премьер-министрдин отчетун угуу;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышынын маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын отчетторун угуу;
- эл аралык келишимдерди түзүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу.
3. Коргоо жөнүндө:
- коргоонун жалпы маселелери;
- коргоону башкаруу;
- Куралдуу Күчтөр. Аскердик түзүлүштөр. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн түзүмү;
- аскер кызматы;
- күжүрмөн даярдык;
- чек ара аскерлери жана алардын органдары;
- аскердик убакыт. Согуш абалы;
- мобилизациялык даярдык жана мобилизация;
- жарандык коргонуу;
- Куралдуу Күчтөрдүн жарандык персоналы;
- куралдар жана аскер техникасы;
- коргоо өнөр жайы;
- аскер илими;
- аскер кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо;
- өлкөнүн коргонуусун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, аскердик түзүлүштөрүн колдонуу тартиби;
- коргоо жана коопсуздук жаатындагы илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер;
- аскер кызматчыларын, жарандык персоналды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоо;
- аскердик соттор, аскердик прокуратура органдары жана жазыктарды аткаруу кызматтары (аскердик кызмат өтөө маселелери боюнча);
- аскер кызматынын ардагерлеринин жана майыптарынын уюмдарынын иши;
- ЖККУ, ШКУ жана КМШга катышкан мамлекеттердин жамааттык коопсуздугу.
4. Улуттук коопсуздук жөнүндө:
- саясий, экономикалык, аскердик, диний, экологиялык, энергетикалык, санитардык-эпидемиологиялык жана коомдук коопсуздук;
- терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү, террористтик кол салуулардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу;
- жашыруундуулук режими. Мамлекеттик жана аскердик сыр;
- чалгын жана контрчалгын;
- коргонуу өнөр жайынын объекттеринин, транспорттун, байланыштын, каржы-кредиттик тутумдун жана башка маанилүү эл чарба объекттеринин коопсуздугу;
- темир жол жана аба транспортунда атайын ташуулардын коопсуздугу;
- массалык тартипсиздиктерди, улуттар аралык кагылышууларды жана маанилүү эл чарбалык жана аскердик объекттердеги өзгөчө окуялардын алдын алуу, аларга бөгөт коюу жана бөлүп коюу;
- калкты жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо, аларды алдын алуу жана жоюу;
- мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун жогорку органдарын, ошондой эле кызмат адамдарын күзөтүү;
- Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн, анын чек араларынын коопсуздугун камсыз кылуу;
- маалыматтык коопсуздук (мамлекеттик, кызматтык жана коммерциялык сырды түзгөн маалыматты коргоо, жеке маалыматтарды коргоо, адамдын маалыматтык-психологиялык коопсуздугу).
5. Кезектеги жылга республикалык бюджет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт.
Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да кириши мүмкүн.
3. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитет
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Айыл чарбасы жана агрардык-өнөр жай комплекстери жөнүндө мыйзамдар:
- айылды социалдык өнүктүрүү;
- айыл чарбасын башкаруу (органдардын тутуму, милдеттери);
- айыл чарбасындагы ишкердик иш;
- айыл чарба ишканалары:
- жамааттык чарбалар;
- дыйкан (фермер) чарбалары;
- дыйкан (фермер) чарбаларынын ассоциациялары;
- жеке көмөкчү чарбалар;
- айыл чарбасындагы акционердик коомдор жана кооперациялар;
- агроөнөржай комплекстери, комбинаттары, кайра иштетүү өнөр жайы:
- айыл чарбасындагы ижара;
- өсүмдүк өстүрүү;
- дан өстүрүү;
- багбанчылык;
- тоют өндүрүү;
- жашылча өстүрүү;
- мал чарбачылыгы;
- бакчачылык;
- айбанат чарбасы;
- канаттуулар чарбасы;
- балчылык;
- балык өстүрүү;
- ветеринардык жана зоотехникалык иш-чаралар;
- айыл чарбасындагы механизация жана агрономия;
- дыйканчылыктагы жана мал чарбачылыгындагы карантин кызматы;
- айыл чарба азыктарын даярдоо жана сатуу;
- себүүчүлүк, оруп-жыйноочулук жана башка айыл чарба жумуштары;
- айыл чарба кооперациясы жана кызмат көрсөтүүлөрү;
- айыл чарба азыктарына келишимдик жана сатып алуу баалары;
- селекция, тажрыйба чарбалары;
- асыл-тукум мал чарбачылыгы;
- агрардык илим;
- республиканын айыл чарба чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана макулдашуулар.
2. Жер жана айыл чарба жерлери жана жайыттар жөнүндө:
- жерлерди пайдалануу жана коргоо жаатындагы башкаруу;
- турак жай-жер маселелери;
- агрардык-жер реформасы;
- мамлекеттик жер кадастры. Жер фондунун жерлеринин категориялары;
- жерге жайгаштыруу жана жерлерди мамлекеттик каттоо;
- пайдалануунун бардык категорияларындагы жерлерди коргоо;
- жерди пайдаланууга мамлекеттик контроль;
- жер ипотекасы;
- жер үчүн акы жана жер салыгы;
- жайыттар жана башкаруу, жайыт ресурстарын сарамжал пайдалануу;
- республиканын жер мыйзамдарын өркүндөтүү.
3. Токойлорду коргоо жана пайдалануу жөнүндө:
- токойлорду коргоо жана пайдалануу жаатындагы башкаруу;
- токойлорду коргоону жана пайдаланууну контролдоо;
- токой пайдалануу. Токойлорду пайдалануунун түрлөрү;
- токойлорду ижаралоо;
- токойлорду кыюу жана өнүктүрүү;
- токойлорду зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо жана сактоо;
- токойлорду мамлекеттик эсепке алуу. Токойлорду топторго бөлүү. Токой кадастры;
- токойлорду пайдалануудагы талаш-тартыштарды чечүү.
4. Айбанаттар дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу:
- айбанаттар дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жаатындагы башкаруу. Айбанаттар дүйнөсүн коргоону жана пайдаланууну контролдоо;
- айбанаттар дүйнөсүнө менчик жана башка укуктар;
- айбанаттар дүйнөсүнүн түрлөрү. Айбанаттар дүйнөсүн пайдалануу;
- аңчылык жана аңчылык чарбасын жүргүзүү;
- лицензиялоо. Тарифтер жана тарифтик саясат;
- балык запастарын коргоо. Балыкчылыкты жана балык өстүрүүчүлүктү жөнгө салуу;
- айбанаттарды мамлекеттик эсепке алуу. Айбанаттардын мамлекеттик кадастры;
- айыл чарба айбанаттарын идентификациялоо;
- айбанаттар дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жаатындагы талаш-тартыштарды чечүү.
5. Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө:
- өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жаатындагы башкаруу. Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоону жана пайдаланууну контролдоо;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине менчик жана башка укуктар;
- өсүмдүктөр дүйнөсүн пайдалануу. Анын түрлөрү;
- дары-дармек чөптөрү;
- лицензиялар. Тарифтер;
- өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жаатындагы талаш-тартыштарды чечүү.
6. Суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу жөнүндө:
- суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы башкаруу. Суу ресурстарын коргоону жана пайдаланууну контролдоо;
- өзөндөр, көлдөр жана мөңгүлөр;
- суу сактагычтар, плотиналар, каналдар, шлюздар, дамбалар;
- суу ресурстарына менчик жана башка укуктар. Суу пайдалануучулардын ассоциациясы (СПА);
- суу пайдалануу, суу пайдалануунун түрлөрү. Ирригация жана гидрокурулмалар;
- суу ресурстарын коргоо;
- ичүүчү суу менен жабдуу булактарын коргоо жана өндүрүштүк агынды сууларды агызып чыгаруунун тартиби;
- суу ташкындарына каршы иш-чаралар;
- суу объекттерин эксплуатациялоо;
- суу ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу. Суу кадастры;
- суу пайдалануу жөнүндө талаш-тартыштарды чечүү;
- Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын, объекттерин жана курулмаларын мамлекеттер аралык пайдалануу.
7. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу жөнүндө:
- айлана-чөйрөнү коргоо органдары;
- айлана-чөйрөнү ченемдөө жана анын сапаты, жаратылышты пайдалануу субъекттеринин укуктары жана милдеттери;
- ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди курууда, эксплуатациялоодо шаар куруу ишиндеги экологиялык талаптар;
- жаратылыш ресурстарын коргоо;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана объекттери;
- жаратылыш коргоо фонду (коруктар, өзгөчө коруктар, улуттук парктар);
- табигый дарылоо ресурстары;
- курорттук жерлер;
- радиоактивдүү калдыктарды көмүүгө экологиялык контроль;
- экологиялык мониторинг (экологиялык жана техникалык коопсуздук);
- экологиялык жана эпидемиологиялык коопсуздук;
- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик, коомдук жана өндүрүштүк контроль;
- мамлекеттик экологиялык экспертиза;
- курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн мониторингинин тутуму;
- жаратылыш чөйрөсүн коргоо механизмдери жана жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.
8. Атмосфера абасын коргоо жөнүндө:
- атмосфераны булгануудан, радиациялык, жылуулук жана башка зыяндуу таасирлердин түрлөрүнөн коргоо;
- атмосфера абасынын абалына мониторинг;
- атмосфера абасын коргоону контролдоо. Талаш-тартыштарды чечүү;
- озон катмарын коргоо.
9. Региондук өнүктүрүү жөнүндө;
- региондук өнүктүрүү (айыл чарба жаатындагы өнүктүрүүнүн комплекстүү жана башка программалары);
- жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу (агрардык маселелер бөлүгүндө);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (региондук өнүктүрүү бөлүгүндө);
- мүлккө муниципалдык менчик;
- региондордо айыл чарба багытындагы жерлерге менчиктин түрлөрүнүн өнүгүүсү;
- региондордо айыл чарбалык ишканалардын жана чарбалардын өнүгүүсү;
- региондордун айыл чарбасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери;
- климаттык-географиялык жана демографиялык шарттарды эске алуу менен республиканын региондорундагы айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн маселелери;
- региондордогу айыл чарбасынын артыкчылыктуу өнүгүүсүн эске алуучу ыңгайлуу инвестициялык саясат үчүн шарттарды түзүү маселелери.
10. Кезектеги жылга республикалык бюджет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт.
Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да таандык болушу мүмкүн.
4. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзамдар:
- мамлекеттик социалдык камсыздандырууну жана мамлекеттик социалдык камсыздоону уюштуруу жана башкаруу;
- социалдык-турак жай маселелери;
- мамлекеттик социалдык камсыздандырууну каржылоо;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор;
- пенсиялык камсыздоо;
- пенсиялык камсыздоонун жалпы маселелери;
- пенсияларды төлөө (пенсияларды төлөө каражаттары, төлөө шарттары ж.б.);
- пенсияларды дайындоо үчүн эмгек стажысын эсептөө;
- пенсияларды эсептөө жана эмгек акы. Пенсияларды кайра эсептөө;
- пенсиялар;
- жаш курагы боюнча (эмгектик пенсиялар);
- майыптуулугу боюнча;
- багуучусун жоготкон учурлар боюнча;
- сиңирген көп жылдык эмгеги үчүн;
-жеңилдиктердин негизинде;
- аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын курамынын башкаруучу жана катардагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө;
- топтоштуруучу пенсиялык тутум;
- жөлөкпул;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөкпул;
- социалдык жөлөкпул;
- убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча;
- кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча;
- жумушсуздугу боюнча;
- сөөк көмүү;
- жеңилдиктер жана компенсациялар;
- ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жеңилдиктер;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, аскер-интернационалисттерге, курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө;
- аварияларда, кыйроолордо жана табигый кырсыктардагы жеңилдиктер жана компенсациялар;
- социалдык коргоого муктаж жарандардын башка категорияларына жеңилдиктер;
- качкындарга, аргасыз көчүп келгендерге жеңилдиктер жана компенсациялар;
- мыйзамсыз саясий репрессияларга туш болгон адамдарга жеңилдиктер жана компенсациялар;
- репрессияланган жарандарды социалдык актоо;
-улгайган курактагы жарандарды, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды социалдык тейлөө;
- медициналык санитардык эксперттик комиссия (МСЭК). Майыптыкты белгилөө.
2. Нике жана үй-бүлө жөнүндө:
- никеге туруунун жана бузуунун тартиби, шарты;
- жубайлардын укуктары жана милдеттери;
- аталыкты белгилөө;
- ата-энелердин жана балдардын укуктары жана милдеттери. Алименттик милдет;
- уул багып алуу (кыз багып алуу);
- камкордук жана камкорчулук;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо;
- үй-бүлөнү, энеликти, аталыкты жана балалыкты коргоо.
3. Эмгек жөнүндө:
- эмгек жамааты жана анын өкүлдөрү;
- эмгек келишими (контракт);
- ишке кабыл алуу (которуу);
- эмгек келишимин (контрактыны) бузуу;
- дем алыш күндөрүндөгү жөлөкпул;
- кесиптердин ордунда иштөө. Кошумча иштерди алып баруу;
- эмгек китепчеси жана башка ишке алуу документтери;
- жамааттык келишим;
- жумушчу убакыт;
- эс алуу убактысы;
- эс алуу жана майрам күндөрү;
- эмгек өргүүлөрү;
- эмгекке акы төлөөнүн формалары, тутуму. Тарифтик торчолор;
- эң аз эмгек акы;
- кошумча акы төлөөлөр, кошуп акы төлөөлөр жана коэффициенттер;
- эмгеги үчүн сыйлык (сыйлык берүү);
- кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө;
- эмгек тартиби;
- тартип жоопкерчилик чаралары;
- эмгек ишмердүүлүгүнө сыйлык берүү чаралары;
- келтирилген зыян үчүн кызматкерлердин жоопкерчилиги;
- кепилдиктер жана компенсациялар;
- иш сапарларындагы кепилдиктер жана компенсациялар;
- иштен которулганда, бошотулгандагы кепилдиктер жана компенсациялар;
- өзгөчө шарттарда (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө татаал зоналардын экстремалдык жаратылыш-климаттык шарттарында) иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар;
- социалдык коргоого өзгөчө муктаж кызматкерлер үчүн эмгек чөйрөсүндөгү жеңилдиктер;
- аялдар үчүн жеңилдиктер;
-жашы жете электер үчүн жеңилдиктер;
- жалгыз бойлор жана көп балалуу ата-энелер үчүн жеңилдиктер;
- эмгекти коргоо;
- эмгектин зыяндуу шарттары;
- эмгектин коопсуздугу жана гигиенасы;
- эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча эрежелердин сакталышын контролдоо;
- айыл чарбасында эмгекти коргоонун спецификасы;
- жумушчуларга жана кызматчыларга келтирилген зыяндын же болбосо алар тарабынан эмгектик милдеттерди аткарууга байланыштуу башка зыян келтирүүлөрдүн ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан ордун толтуруу;
- кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуу;
- кызматкерлерди аттестациялоо;
- эмгек стажысы;
- сиңирген көп жылдык эмгеги;
- эмгектик талаш-тартыштар;
- жеке эмгек талаш-тартыштарын кароо;
- жамааттык эмгек талаш-тартыштарын (чыр-чатактарды) кароо;
- иш таштоолор;
- кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү;
- мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдар.
4. Ишке жайгаштыруу жана калктын иш менен камсыз болуусу жөнүндө:
- ишке жайгаштыруу;
- калктын иш менен камсыз болуусу;
- иш менен камсыз кылуу кызматы (эмгек биржасы);
- жумушсуздар (статус, жөлөкпул, иш стажысы);
- миграция.
5. Гендердик теңчилик жөнүндө:
- коомдук мамилелердин ар кандай чөйрөсүндөгү гендердик теңчиликтин негиздери;
- гендердик теңчиликтин кепилдиги маселелери;
- гендердик теңчиликти сактоону жана ишке ашырууну камсыз кылуу механизмдери;
- гендердик теңчилик жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү жана контролдоо.
6. Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө:
-үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо;
-үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга социалдык көмөк көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, уюмдар жана мекемелер;
- үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын колдоо боюнча социалдык кызматтар.
7. Билим берүү жөнүндө:
- билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясат;
- мектепке чейинки билим берүү;
- башталгыч жалпы билим берүү;
- негизги жалпы билим берүү;
- орто жалпы билим берүү;
- мектептен тышкаркы билим берүү;
- башталгыч кесиптик билим берүү;
- орто кесиптик билим берүү;
- жогорку кесиптик билим берүү;
- жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү;
- кошумча кесиптик билим берүү.
8. Илим жана инновациялар жөнүндө:
- илим жана инновациялар жаатындагы мамлекеттик саясат;
- илим жана инновациялар жаатындагы инвестициялык саясат;
- Улуттук илимдер академиясы;
- жогорку аттестациялык комиссия;
- илимий жана изилдөө институттары, борборлору;
- жогорку технологиялар паркы.
9. Маданият жана искусство жөнүндө:
- маданият жана искусство жаатындагы мамлекеттик саясат;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүк;
- көркөм адабият, кинематография, көркөм сүрөт өнөрү;
- китепкана фонду жана китепкана иши;
- басма иши, басма сөз мекемелери жана ишканалары;
- музей фонду;
- маданий-агартуу мекемелери;
- театрдык оюн-зоок уюмдары;
- тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жана пайдалануу;
- өзгөчө корголуучу тарыхый-маданий аймактар.
10. Мамлекеттик тил жөнүндө:
- мамлекеттик тилдин иштөөсү жана өнүгүшү жаатындагы мамлекеттик саясат;
- Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия;
- мамлекеттик бийлик органдарында мамлекеттик тилдин иштөөсү;
- мамлекеттик тилдин лексикалык фондун өркүндөтүү жана тутумдаштыруу.
11. Маалыматтык саясат жөнүндө:
- маалыматтык чөйрөдөгү мамлекеттик саясат;
- массалык маалыматты жайылтуу;
- маалыматтык чөйрөнүн субъекттери;
- басылма ЖМКлардын иш-аракети;
- теле- жана радиоберүү;
- жарнама.
12. Диний саясат жөнүндө:
- диний саясатты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалар, концепциялар;
- диний уюмдар жана бирикмелер. Конфессиялар аралык мамилелер;
- динди социалдаштыруу. Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар.
13. Архив фонду жана архив иши жөнүндө:
- архив иши жаатындагы мамлекеттик саясат;
- архив ишин мамлекеттик башкаруу;
- архив иши жаатындагы уюмдар жана мекемелер;
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду.
14. Дене тарбия жана спорт жөнүндө:
- дене тарбия жана спорт жаатындагы мамлекеттик саясат;
- спорттун улуттук түрлөрү;
- кесипкөй спорт;
- дене тарбия;
- олимпиялык, паралимпиялык жана сурдолимпиялык кыймылдар;
- спорт уюмдары, бирикмелери, мекемелери жана курулмалары.
15. Жаштар саясаты жөнүндө:
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жаштар саясаты;
- мамлекеттик жаштар саясатынын негизги багыттары;
- мамлекеттик жаштар саясатын түзүү жана ишке ашыруу;
- жаштардын социалдык жана укуктук корголушу;
- адистешкен жаштар уюмдары жана коомдук бирикмелери.
16. Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө:
- саламаттык сактоо тутумундагы башкаруу органдары;
- медициналык камсыздандыруу;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу;
- ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу;
- саламаттык сактоо тутумун финансылоо;
- коомдук саламаттык сактоо;
- медициналык мекемелер;
- бейтапканалар;
- ооруканалар;
- дарыканалар;
- диспансерлер;
- алдын-ала дарылоо мекемелери;
- консультациялар;
- медициналык тез жардам станциялары;
- төрөт үйлөрү;
- медициналык пункттар;
- салттуу эмес медицина мекемелери;
- калкка дарылоо-алдын алуу жардамын көрсөтүү (акысыз, акы төлөө менен, төлөөлөр боюнча жеңилдиктер);
- протездөө;
- дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу;
- наркологиялык жардам;
- психиатриялык жардам;
- СПИДке каршы күрөшүү чаралары;
- адам органдарын алмаштырып жалгаштыруу (трансплантациялоо);
- донордук кылуу;
- ооруканага жаткыруу;
- эненин жана баланын саламаттыгын сактоо;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгы. Мамлекеттик санитардык көзөмөл;
- санаторийлик-курорттук дарылоо (эс алуу үйлөрү, санаторийлер, эс алуу зоналары ж.у.с.);
- жекече медициналык практика;
- медициналык кызматтарды акы алып көрсөтүү.
17. Кезектеги жылга республикалык бюджет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт.
Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да таандык болушу мүмкүн.
5. Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген төмөндөгү маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу тармактарындагы иш-аракет жөнүндө мыйзамдар:
- акционердик коомдор, чарбалык шериктештиктер жана коомдор;
- мамлекеттик-жекече өнөктөштүк;
- табигый жана уруксат берилген монополия;
- лицензиялоо;
- тышкы соода иш-аракети;
- инвестициялар;
- техникалык жөнгө салуу;
- соода-өнөр жай палатасы;
- энергетика жана электр энергетикасы;
- мунай газ;
- көмүр;
- энергиянын жаңыланып туруучу булактары;
- энергияны үнөмдөө;
- гидроэлектр станцияларын куруу жана эксплуатациялоо;
- жер казынасы жана жаратылыш ресурстары.
2. Өнөр жай чөйрөсүндө:
- өнөр жайды уюштуруунун жана башкаруунун жалпы маселелери;
- өнөр жай өндүрүшүндөгү инновациялык саясат;
- инвестициялык саясат;
- атаандаштыкка жарамдуулук жана атаандаштык жаатындагы саясат;
- өнөр жай экологиясы, өнөр жай калдыктары, экинчилик чийки зат;
- өнөр жай тармактарындагы патенттер, стандартташтыруу, метрология;
- өнөр жайдагы монополияга каршы саясат;
- металлургия жана химиялык-металлургиялык өнөр жай;
- машина жасоо;
- химия өнөр жайы;
- электроника өнөр жайы;
- тигүү өнөр жайы;
- текстиль жана трикотаж өнөр жайы;
- булгаары-бут кийим жана жүндүү тери өнөр жайы;
- курулуш материалдарын жасоо;
- эмеректерди жасоо;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү.
3. Энергетика чөйрөсүндө:
- жылуулук- жана гидроэнергетика;
- мамлекеттик программалар;
- энергияны үнөмдөө;
- энергия ресурстарын натыйжалуу пайдалануу;
- энергетика өнөр жайы;
- отундун альтернативдүү түрлөрүн өнүктүрүү;
- энергетикадагы жана газ тармагындагы тарифтик саясат;
- энергетика тармагындагы инновациялык саясат;
- энергетика тармагындагы инвестициялык саясат;
- энергия ресурстарын экспорттоо, импорттоо;
- лицензиялык иш-аракет.
4. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө:
- жер казынасын коргоонун жана пайдалануунун жалпы маселелери;
- жер казынасын пайдалануудагы инвестициялык саясат;
- инновациялык саясат;
- лицензиялык иш-аракет;
- геологиялык-чалгындоо жумуштары;
- жер казынасын пайдалануу;
- тоо-кен, көмүр жана мунай-газ тармактарын өнүктүрүүнүн келечеги;
- тоо-кен тармагынын маселелери (металлдарды, көмүрдү, мунайды жана газды казып алуу);
- экология маселелери, тоо-кен өнөр жай калдыктары, экинчилик чийки зат.
5. Кезектеги жылга республикалык бюджет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт (жыл сайын).
Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да таандык болушу мүмкүн.
6. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген төмөндөгү маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдар:
- автомобиль транспорту:
автотранспорт ишканалары;
жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспорту;
транспорттун адистештирилген түрлөрү;
калкты транспорттук тейлөө (автовокзалдар, автостанциялар жана автопавильондор);
автосервис;
жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн темир жол станциялары, вокзалдары, локомотивдик жана вагондук деполор;
транспорттогу тарифтер, жыйымдар жана жеңилдиктер;
автомототранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды жана айдоочулар курамын каттоо;
- темир жол транспорту:
темир жолдорду жана кошулма жолдорду куруу;
- суу транспорту:
порттор, пристандар, причалдар, өтмөлүктөр;
пароходчулук;
суу транспортунун коопсуздугу;
- аба транспорту:
аэродромдор, аэропорттор;
аба мейкиндиги;
аба кемелери;
жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, жол жүгүн жана почтаны аба аркылуу ташуу;
аба кыймылын тейлөө;
авиация ишканалары;
авиациялык коопсуздук;
учуулардын коопсуздугу.
2. Автомобиль жолдору чөйрөсүндө:
- автомобиль жолдорун куруу, оңдоо жана күтүү;
- автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо;
- эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды ратификациялоо;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо;
- автомобиль жолдорун курууга жана реабилитациялоого инвестициялар.
3. Коммуникациялар чөйрөсүндө:
- электр жана почта байланышы;
- почта жана фельдъегер кызматтары;
- санариптик телерадиоберүүлөр;
- телекөрсөтүү жана радио уктуруу уюмдары;
- инженердик тармактардын, транспорттук курулмалардын жана коммуникациялардын тутуму;
- байланыштын спутниктик, интернеттик жана башка түрлөрү;
маалыматтык технологиялар.
4. Архитектура жана курулуш чөйрөсүндө:
- жарандык жана өнөр жайлык курулуш;
- курулушка инвестициялык долбоорлор;
- курулуш объекттерин пландаштыруу;
- имараттарды жана курулмаларды кайра пландаштыруу жана алардын арналышын өзгөртүү;
- ченемдик документтер;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш;
- курулуш объекттеринин коопсуздугу;
- объекттерди реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо;
- ипотекалык жана турак жайлык курулуш;
- шаар куруу жана архитектура;
- архитектура-курулуш көзөмөлү;
- баа түзүү жана тарифтик саясат;
- шаар куруу программалары.
5. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө:
- кыймылсыз мүлк кадастры;
- кыймылсыз мүлк чектери;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү каттоо;
- техникалык жөнгө салуу.
6. Кезектеги жылга республикалык бюджет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт (жыл сайын).
Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да таандык болушу мүмкүн.
7. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген төмөндөгү маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Экономикалык өнүгүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар:
- экономиканын тармактарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик, мамлекеттер аралык программалары жана концепциялары;
- макроэкономикалык саясат;
- турак жай экономикасы;
- мамлекеттик муктаждыктар. Мамлекеттик буйрутма. Мамлекеттик сатып алуулар;
- продукциянын сапаты. Стандарттар. Сертификаттар;
- метрология;
- баалуу кагаздар;
- лицензиялык саясат;
- корпоративдик башкаруу;
- монополияга каршы саясат, атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү;
- баа түзүү;
- бухгалтердик эсеп;
- керектөөчүлөрдүн укуктары.
2. Ишканалар жана ишкердик иш жөнүндө:
- ишкердиктин субъекттерин каттоо жана жоюу;
- мамлекеттик жана жеке менчик. Концессия жана концессиялык ишканалар;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк;
- чарба жүргүзүү укугу. Оперативдүү жана ишенимдүү башкаруу укугу;
- банкроттук;
- улутташтыруу;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү;
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери;
- чакан жана орто бизнести өнүктүрүү (экономиканын реалдуу секторунун субъекттерин албаганда).
3. Инвестициялар, тышкы экономикалык иш жана соода жөнүндө:
- мамлекеттик жана жеке инвестициялык долбоорлордун программалары;
- тышкы жана ички инвестициялар;
- инвестициялык жана инновациялык иш;
- инвесторлорду жана инвестицияларды мамлекеттик колдоо;
- эркин экономикалык зоналар;
- тышкы экономикалык мамилелерди уюштуруу жана башкаруу;
- эл аралык келишимдер;
- эл аралык келишимдерди түзүү, ратификациялоо, аткаруу жана денонсациялоо;
- Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюму боюнча макулдашуу;
- экономикалык процесстерди каржылык усулдар менен жөнгө салуу жана дем берүүнү уюштуруу;
- аймактар аралык соода байланыштары;
- соода өкүлчүлүгү жана ортомчулук;
- тышкы жана ички соода.
4. Туризм жөнүндө:
- туризмди уюштуруу маселелерин мамлекеттик жөнгө салуу;
- туризм чөйрөсүндө экономикалык ишти уюштуруу;
- туристтик ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын курчап турган жаратылыш чөйрөсүн жана тарыхый-маданий мурасынын объекттерин коргоо;
- социалдык туризм;
- туризм чөйрөсүндө эл аралык кызматташуунун укуктук негизи.
5. Салык салуу жөнүндө:
- салыктар жана жыйымдар;
- салыктык эмес төлөмдөр;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү;
- субъекттерди салыктык каттоо ("бирдиктүү терезе" принциби боюнча);
- мамлекеттик алым;
- каржы ижарасына (лизингге) салык салуу;
- эркин экономикалык зоналарга салык салуу маселелери;
- салык маселелери кирген мамлекеттер аралык макулдашуулар;
- кош салык салуу жана кирешелер менен капиталга салык төлөөдөн качууну болтурбоо;
- товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кыйыр салык алуунун принциптери;
- карыздарды кайра түзүмдөштүрүү;
- контролдук-кассалык жабдуулар;
- товарларды маркировкалоо;
- баалуу металлдар жана таштар;
- банкроттук (салык салуу маселелери);
- жер казынасы (салык салуу маселелери);
- аудитордук иш (салык жана бажы маселелери);
- кайрымдуулук иши жана меценаттык (салык салуу маселелери);
- букмекердик иш жана лотерея (салык салуу өзгөчөлүгү);
- инвестициялар (салык салуу өзгөчөлүгү);
- концессиялар жана концессиялык ишканалар (салык салуу өзгөчөлүгү);
- ишкердик субъекттерин текшерүүлөр;
- мүлктү легалдаштыруу;
- билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу;
- салык жана бажы мыйзамдарын укуктук бузууларга тиешелүү бөлүктө жазык жана администрациялык жоопкерчилик;
- салык жана бажы милдеттемелерине тиешелүү бөлүктө жарандык жана жарандык процесстик мыйзамдар.
6. Бажы иши жөнүндө:
- бажы тарифтери;
- бажы төлөмдөрү;
- БСУнун, Бажы бирлигинин жана ЕАЭКнын ченемдерин колдонуу;
- тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы;
- салык жана бажы маселелери кирген мамлекеттер аралык макулдашуулар;
- товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өтүп туруусу;
- бажы органдарында кызмат өтөө;
- Салык, Бажы кызматтарынын жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташуу.
7. Кредит саясаты, банк жана банктык эмес иш жөнүндө:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету;
- коммерциялык банктар;
- баалуу кагаздар рыногу;
- күрөө;
- банк аудити;
- банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо;
- кредиттик бирликтер;
- чакан каржы уюмдары;
- банк аманаттарын (депозиттерин) коргоо;
- камсыздандыруунун түрлөрү жана камсыздандыруу уюмдары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карыздарын кайра түзүмдөштүрүү.
8. Кезектеги жылга республикалык бюджет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет.
Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да таандык болушу мүмкүн.
8. Бюджет жана финансы боюнча комитет
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген төмөндөгү маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө мыйзамдар:
- экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу;
- мамлекеттик каржылоону башкаруу;
- бюджеттик жөнгө салуунун негизги принциптери;
- макроэкономикалык саясат;
- республикалык бюджетти божомолдоонун негизги багыттары жөнүндө бюджеттик резолюция;
- алдыдагы үч жылга бюджеттин орто мөөнөттүү божомолу;
- республикалык бюджет жана алдыдагы жылдарга божомол;
- мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү:
жалпы мамлекеттик салыктарды божомолдоо жана аларды бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү ченемдери;
салыктык эмес төлөмдөрдү божомолдоо жана бөлүштүрүү;
- мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгү:
аткаруу бийлигинин, мамлекеттик органдардын чыгашалары;
сот бийлигинин чыгашалары;
- бюджеттин тартыштыгы, аны жабуунун ички жана тышкы булактары;
- бюджеттер аралык мамилелерди бюджеттик жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасынын өнүгүү фонду;
- резервдик фонддор;
- бюджеттен тышкаркы фонддор;
- өнүктүрүү бюджети;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык-экономикалык негиздери;
- казыначылыктын негизги жоболору;
- бюджеттик классификация;
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет:
киреше жана чыгаша бөлүктөрү;
бюджеттин тартыштыгы;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын отчету;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышынын отчету;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү мамлекеттик божомолдоо;
- эл аралык мамилелердеги каржы саясаты;
- мамлекеттик статистика.
2. Мамлекеттик карыз, тышкы жана ички каржылоонун булактары жөнүндө:
- мамлекеттик баалуу кагаздар жана милдеттенмелер;
- каржы жана бюджет саясаты боюнча мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) макулдашууларды (келишимдерди) ратификациялоо;
- эл аралык кредиттик макулдашуулар жана бюджеттик ссудалар боюнча карыздарды жөнгө салуу жана пайыздарды төлөп берүү.
3. Аудитордук иш жөнүндө:
- аудитордук иш;
- ички аудит;
- көз карандысыз аудит.
4. Жогорку Кеңеш тарабынан каралуучу ар жылдык отчеттор:
- мурунку жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Өкмөттүн;
- Комитеттин карамагына кирген маселелер боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө Премьер-министрдин;
- Эсептөө палатасынын төрагасынын;
- мурунку жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун Жогорку Кеңеш тарабынан каралышында республикалык бюджеттин аткарылышынын аудитинин натыйжалары жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын;
- өзгөчө маанилүү же шашылыш маселе боюнча Эсептөө палатасынын атайын отчеттору.
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге тиешелүү мыйзам долбоорлору жана маселелер Комитеттин карамагына таандык болот.
Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да таандык болушу мүмкүн.
9. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген төмөндөгү маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Укук коргоо органдарынын кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүгүндөгү иши жөнүндө (ички иштер органдары, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдар, бажы кызматы (тергөө бөлүгүндө); жазаларды аткаруу кызматы; финансылык чалгындоо кызматы; баңги заттарды жүгүртүүнү контролдоо боюнча кызмат; прокуратура (тергөө бөлүгүндө); Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетиндеги коррупцияга каршы кызмат жөнүндө мыйзамдар.
2. Коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү:
- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программалар;
- кылмыш-жаза мыйзамдары;
- жазык-процесстик мыйзамдар (тергөө бөлүгүндө);
- жазык-аткаруу мыйзамдары жана пробация кызматы;
- коомдук коопсуздук;
- жарандарды жана коомду кылмыштуу кол салуулардан коргоо;
- уюшулган, улуттар аралык кылмыштар, баңги заттардын бизнеси, экстремизм, аткезчилик менен күрөшүү;
- администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдар (укук тартиби боюнча блок);
- жол кыймылынын коопсуздугу;
- куралдарды жана ок-дарыларды, атайын каражаттарды жүгүртүүнү, сактоону, пайдаланууну жөнгө салуу;
- күзөт иши жөнүндө;
- кылмыштуулукту алдын алуу жөнүндө.
2-1. Мыйзамдар:
Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укук коргоо, фискалдык жана башка борбордук органдардын иши жөнүндө:
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Коррупцияга каршы кызмат;
- Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (коррупция менен күрөшүү жаатында);
- прокуратура (коррупция менен күрөшүү жаатында);
- бажы кызматы (коррупция менен күрөшүү жаатында);
- салык кызматы (коррупция менен күрөшүү жаатында);
- финансылык чалгындоо кызматы (коррупция менен күрөшүү жаатында);
- аудитордук иш (коррупция менен күрөшүү жаатында).
2. Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө:
- коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунун ишин укуктук регламенттөөнү камсыздоо;
- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программалар;
- коррупцияны болтурбоо жаатында мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоо;
- мамлекеттик, укук коргоо, фискалдык жана финансы-кредиттик түзүмдөрдө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу;
- коррупциялык механизмдердин болуу предметтерине карата мыйзам долбоорлорунун экспертизасы;
- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык.
3. Кылмыш-жаза иштери жана экстрадиция боюнча укуктук жардам жөнүндө эл аралык макулдашуулар.
4. Кезектеги жылга республикалык бюджет. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт.
Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да таандык болушу мүмкүн.