Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-майы № 3728-VI
"2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 14-октябрындагы № 542 токтому) "2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |