Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-майы № 3742-VI
"Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 8-майындагы № 239 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2020-жылга төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдү өзгөртүү жана бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:
республикалык бюджеттин кирешелери ИДПга карата 23,2% салыштырма салмагы менен жалпысынан 135346827,2 миң сом суммасында;
республикалык бюджеттин чыгашалары ИДПга карата 2/,9% салыштырма салмагы менен жалпысынан 163039088,4 миң сом суммасында;
республикалык бюджеттин тартыштыгынын чектик өлчөмү ИДПга карата 4,7% салыштырма салмагы менен 27692261,2 миң сом суммасында;
тартыштыкты жабуунун ички булактары боюнча терс сальдо 10789675,2 миң сом суммасында, тышкы булактар боюнча оң сальдо 38481936,4 миң сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматы боюнча салык кирешелеринин болжолдуу келип түшүүлөрүн 2019-жылдын бюджетинин иш жүзүндө аткарылган деңгээлинен төмөн эмес деңгээлде белгилесин жана алынган айырманы Мамлекеттик бюджеттик резервге багыттасын;
- бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча келип түшкөн каражаттарды жана чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн каражаттарды Мамлекеттик бюджеттик резервге багыттасын;
- экономикалык кризистин кесепеттерин жеңилдетүү программасын ишке киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алтын валюталык резервин аракетке келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кризиске каршы чараларын ишке ашырууну тездетүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- экономиканы кайра жөнгө салуу чараларын улантсын: жаңы жумуш орундарын түзгөн ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү кыскартуу жана жаңы жумушчу орундарды түзүп жаткан бизнесмендер үчүн өзгөчө жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында аларга жылдын аягына чейин 10% ставка боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн белгилесин;
төмөнкү маселелерди карасын:
- чарба жүргүзүүчү субъекттерге тышкы экономикалык бажы-брокердик кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти мамлекетке (мамлекеттик ишканага) өткөрүп берүү жөнүндө;
- алтын камтылган казындыларды жана консентраттарды ташып чыккан же саткан учурда тоо-кен казып алуучу жана тоо-кен кайра иштетүүчү ишканалардын кирешесине салыктын ставкасын 7% жогорулатуу жөнүндө;
- айлана-чөйрөнү коргоого жыйымдардын өлчөмүн (экологиялык салык) көбөйтүү тууралуу;
- бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында Кара-Балта шаарындагы Джунда заводун ишке киргизүү жөнүндө;
- кыймылдаткычынын көлөмү чоң жеңил автомобилдерге (жол тандабастарга) салыктын ставкаларын көбөйтүү тууралуу;
- жеңил унаа каражаттарынын терезелерин күңүрттөөгө уруксат берүү жана ага акы төлөө киргизүү жөнүндө;
- Кыргыз-Россиялык фондунун 262,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү Россия Федерациясында жайгаштырылган убактылуу эркин каражаттарын ата мекендик чарба жүргүзүүчү субъекттерди финансылык колдоого кайтарып алуу жөнүндө;
- Кризиске каршы фонддун алкагында региондорду өнүктүрүүгө каражаттарды бөлүүнүн көлөмүн болжолдонгон 5%дын ордуна 15%дан кем эмес көбөйтүү тууралуу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментин каржылоо үчүн 10% өлчөмүндөгү аткаруу жыйымдары тууралуу;
- "Кара" чек ара тозотунун курулушу үчүн "Дельта-Лот" ЖЧК өндүрүштүк-курулуш компаниясынын насыя карыздарын төлөп берүү жөнүндө;
- 2020-жылдын 31-декабрына чейин бюджеттик ссудаларды жана насыяларды толук жойгондо заемчуларды эсептелген пайыздарды, туумдарды жана финансылык санкцияларды төлөөдөн бошотуу тууралуу;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстарынын мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы боюнча 2020-жылга бекитилген бюджеттин өлчөмүндө каржылоонун көлөмдөрүн сактоо жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коргоо кызматына эмгек акы боюнча чыгашаларды "башкалар" беренесинен бөлүү тууралуу;
- жайлардын мезгилинде электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн жогорулатылган тарифти бекитүү менен, Кыргыз Республикасынын аймагында майнинг-фермалардын ишине уруксат берүү жолу менен кошумча финансылык булактарды издеп табуу жөнүндө;
- пандемияга байланыштуу финансылык жардам көрсөтүү боюнча "Кумтөр Голд Компани" жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө;
- бюджеттин кирешесинин кошумча булактарын издеп табуу максатында улутташтырылган объекттерди сатуу механизмдерин иштеп чыгуу жөнүндө;
- бюджетин колдоого түшүп жаткан тышкы жардам каражаттарын пайдалануунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу жөнүндө;
төмөнкүлөргө каражаттарды бөлсүн:
- республикалык бюджеттен каржыланган 90-95% даярдыктагы объекттердин курулушун бүткөрүүгө;
- медицина кызматкерлеринин эмгек акысын эки эсе жогорулатуу үчүн;
- бухгалтердик эсептин автоматташтырылган тутумун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын консолидирленген отчеттуулугун киргизүү үчүн 37,0 млн. сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Бүткүл дүйнөлүк соода уюмундагы (БДУ) өкүлчүлүктү кармоо үчүн 2,5 млн. сом;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине ишти техникалык колдоого байланышкан чыгашаларды каржылоо үчүн - 2,2 млн. сом жана эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүн санариптештирүү үчүн - 15,7 млн. сом;
- жакынкы үч жылга азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында бизнес түзүмдөр менен бирдикте агрохолдинг түзүү үчүн 10 млрд. сом;
- халал индустрия паркы боюнча кыргыз тараптын милдеттенмелерин аткаруу жана уюштуруучулук үлүшүн төлөө үчүн 3,5 млн. сом;
- "Токмок Жылуулук" МИ 2019-2020-жылдардагы жылуулук берүү мезгилинде калкка жылуулук энергиясын берүү менен байланышкан иш жүзүндөгү сарптоолорун компенсациялоо үчүн 31,2 млн. сом суммасында субсидия жана 2020-2021 -жылдардагы жылуулук берүү мезгилине субсидия карасын;
- энергетикалык тармакта, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө 150 миңден кем эмес жумушчу орунду түзүү үчүн улуттук долбоорлорду, ошондой эле жолдорду, каналдарды куруу жана бак-дарактарды отургузуу боюнча долбоорлорду ишке киргизсин;
- республиканын 20 шаарында 20 оорукана жана жетим балдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жатакана курууга каражаттарды тапсын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети тарабынан жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын аткарууну карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |