Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-майы № 3755-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары төмөнкү комитеттердин курамына киргизилсин:
- Толонов Данияр Эрмекович Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына;
- Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович Бюджет жана финансы боюнча комитеттин курамына;
- Жоробаев Жанибек Суюмбаевич Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктчанын он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 6-пунктчанын тогузунчу, он алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"Толонов Данияр Эрмекович - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан";
- 8-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан";
9-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Жоробаев Жанибек Суюмбаевич - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |