Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-октябрындагы № 4107-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 17-июну № 3875-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети.
2. Ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдөн турат:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен;
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринен;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринен;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинен - министринен;
Кыргыз Республикасынын министрлеринен;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынан.
3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2378-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |