Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 4115-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 10-октябры № 4107-VI

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети.

2. Ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдөн турат:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен;

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринен;

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринен;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинен - Кыргыз Республикасынын министринен;

Кыргыз Республикасынын министрлеринен;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынан.

3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3875-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

М.Бакиров