КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-июну № 4018-VI
"2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 15-июнундагы № 337 токтому) "2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |