Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 15-июну № 337
"2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган, 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган, 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган, 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети аталган макулдашуу-кат боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4017-VI "2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому;
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4018-VI "2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому;
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4019-VI "2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому;
КР 2020-жылдын 29-июлундагы № 99 "2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы жогоруда аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган, 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган, 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-кат ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа инвестициялык банкына аталган Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-июнундагы № 337 токтому менен жактырылган |
2019-жылдым 30-декабрында кол коюлган, 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган, 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-кат негизинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 14-пунктуна ылайык Макулдашуу-кат милдеттүү түрдө ратификацияланууга тийиш. Ушуга байланыштуу Макулдашуу-каттын долбооруна кол коюлганга чейин ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашылган (Бюджет жана финансы боюнча комитет - 2019-жылдын 9-декабрындагы чечими, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет - 2019-жылдын 3-декабрындагы чечими, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет - 2019-жылдын 3-декабрындагы чечими) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 504-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашуу-катка "САSА-1000" долбоорун мындан ары ишке ашыруу максатында Бишкек шаарында 2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган.
Макулдашуу-катты ишке ашыруунун алкагында 2015-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) алкагында "САSА-1000" долбоорун ишке ашыруу үчүн Европа инвестициялык банкы тарабынан бөлүнгөн Европа инвестициялык банкынын финансылык макулдашууларынын стандарттык жоболорундагы укуктук ченемдерди камтыбаган жана кредиттин суммасы менен шарттарына (70 млн. евро суммасындагы) тийбеген жол-жоболук өзгөрүүлөр жана толуктоолор бекитилет.
Макулдашуу-каттан келип чыккан иш-чараларды аткаруу "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому тарабынан ишке ашырыла турганын эске алсак, Макулдашуу-катты ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансы чыгымдарга алып келбейт.
Макулдашуу-катты ратификациялоо финансы-экономикалык, социалдык, укуктук, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.