Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-июну № 3899-VI
"Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө"), "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 4-июнундагы № 297 токтому) "Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө"), "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |