Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-июну № 3938-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын депутаттары төмөнкү комитеттердин курамына киргизилсин:
- Нурдинов Бейшеналы Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына;
- Эсенаманов Замирбек Садыбакасович Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин курамына.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктчанын он тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пунктчанын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эсенаманов Замирбек Садыбакасович - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан";
6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Нурдинов Бейшеналы - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |