Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-сентябры № 4071-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ант берүүсү:
Молдалиев Сталбек Уметкуловичтин
Сырдыбаев Нурлан Муратбаевичтин
Турдумамбетов Осмон Жолдошбековичтин
Койчуманов Мээримбек Нурбековичтин
Исмаилов Уланбек Чекишевичтин
Садиков Улугбек Чирмашовичтин
Кенжебаев Байгазы Бобуновичтин;
2020-жылдын сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планын бекитүү жөнүндө;
Ар кандай;
"2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1999-жылдын 13-апрелиндеги кирешеге салыктар жагынан кош салык салууну болтурбоо жана төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2020-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо" (2-фаза) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2020-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо" (2-фаза) долбооруна Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү жана Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2020-жылдын 11-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын областтарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2016-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча кредиттик макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 18-майында Бишкек шаарында кол коюлган макулдашуу-катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясынын шарттарында бюджетти колдоого Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун администратору катары чыгуучу) ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2020-жылдын 10-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ортосундагы 2018-жылдын 26-январындагы каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Мульти-донордук трасттык фондунун энергетикалык секторун башкарууга көмөк көрсөтүү программасынын администратору катары чыгуучулар - TF072490, TF071398 мурастоочу) ортосундагы Гранттык макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган "Социалдык коргоону берүү системасы жана өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттер планы" долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасы мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Арипов Назарали Турдалиевичти ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |