Редакцияот 17.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 17-июну № 3877-VI

"Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.К.Жеенчороев "Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI токтому менен түзүлгөн комиссиянын курамынан чыгарылсын.

2. "Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков