Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4358-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-октябры № 4116-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы № 4124-VI, 2020-жылдын 28-октябрындагы № 4133-VI, 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4173-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр аныкталсын:
Жапаров Садыр Нургожоевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна;
Новиков Артем Эдуардович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Сабиров Равшан Азатович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Мамытканов Максат Сүйүналиевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Аманбаев Бактыбек Абдилашимович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин - министринин кызмат ордуна;
Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна;
Мукашев Кыялбек Белекович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна;
Токтогазиев Тилек Мурсалиевич - Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна;
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин кызмат ордуна;
Джаманкулов Марат Тургунбаевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна;
Казакбаев Руслан Айтбаевич - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна;
Ниязбеков Улан Омоканович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна:
Ажикеев Бообек Эргешевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна;
Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна;
Бейшеналиев Алмазбек - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна;
Солтонбекова Ализа Карыпбековна - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кызмат ордуна;
Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна;
Сагынбаев Жиргалбек Калмуратович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;
Исмаилов Алтынбек Джапарович - Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.
(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы № 4124-VI, 2020-жылдын 28-октябрындагы № 4133-VI, 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4173-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| К.Исаев |