Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-февралы № 4358-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүдөй курамы аныкталсын:
Марипов Улукбек Асамидинович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна;
Новиков Артем Эдуардович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Кармышаков Улукбек Тойчуевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин - экономика жана финансы министринин кызмат ордуна;
Асанкулов Жеңишбек Асанкулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин - министринин кызмат ордуна;
Казакбаев Руслан Айтбаевич - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна;
Чынбаева Асель Рыспековна - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна;
Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна;
Бейшеналиев Алмазбек - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна;
Иманалиев Кайрат Олжобаевич - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна;
Ажикеев Бообек Эргешевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна;
Ниязбеков Улан Омоканович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна:
Абдралиева Гулмира Курманбековна - Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна;
Турдубаев Кубанычбек Апышевич - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин кызмат ордуна;
Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин кызмат ордуна;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылынсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 4116-VI токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 4116-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы № 4124-VI токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 4116-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы № 4133-VI токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 4116-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4173-VI токтому.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Т. Мамытов |