Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 16-октябрындагы № 4109-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-октябры № 4109-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 12-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыгын бекитүү тууралуу
Массалык башаламандыктардын натыйжасында күч колдонууга жана адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаалга байланыштуу, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун кызыкчылыгын гана көздөп, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды тез арада турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 10-беренелерин жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 27-пунктун, 120-беренесинин 2, 4, 5 жана 6-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 12-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыгы жана анда каралган чаралар толугу менен бекитилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетекчилигине кабыл алынган чечим жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине 3 сааттын ичинде кабарлоо тапшырылсын.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |