Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-октябры № 4117-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 16-октябрындагы кезексиз жыйналышынынкүн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 16-октябрындагы кезексиз жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 12-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» № 195 Жарлыгын бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 13-октябрындагы № 4109 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө.
Төрага | К.К. Исаев |