ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы № 4120-VI «Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А.Джамшитовду кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция21.10.2020 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 21-октябры № 4120-VI

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А.Джамшитовду кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 8-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 25-пунктун, 125-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А.Джамшитовду кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу С.Н.Жапаровдун сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Джамшитов Өткүрбек Асилбековичти кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

К.Исаев