Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-ноябры № 4157-VI
2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо, керектен чыккан жабдууларды жана техникаларды эсептен чыгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 4225-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо, керектен чыккан жабдууларды жана техникаларды эсептен чыгаруу боюнча төмөнкү курамдагы ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
М.И.Бакиров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
А.А.Сабырбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары;
М.М.Матазимов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын башкаруучусу, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү (башкаруу боюнча фонддун өкүлү (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Д.К.Курманов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Юридикалык бөлүмүнүн башчысы;
Ж.М.Борбодоев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын Укуктук кадр иштери жана иш кагаздар бөлүмүнүн башчысы;
Т.К.Рысалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын Финансылоо жана эсеп бөлүмүнүн башчысы;
Б.М.Исаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын Материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы.
2. Ведомстволор аралык комиссия өз ишинин жыйынтыгын 2020-жылдын 19-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 4225-VI токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы министрликтердин, административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укуктуу.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакировго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |